Аялдар менен эркектердин оорулары жана өлүмүнүн себептери. Маанилүү цифралар жана фактылар

Publications: 22.11.2021


2020-жылы республикада ар кандай оорулар боюнча бир миллиондон ашык арыздар катталган, алардын 57% аялдар жана 43% эркектер. Эркектер медициналык жардамга азыраак кайрылышат.

Жалпы өлүмдүн өзгөрүшүнө эң чоң таасири кан айлануу системасынын ооруларынан болгон өлүм, мында өлүмдүн жарымынан көбү жүрөк-кан тамыр ооруларынан көбүрөөк жабыр тарткан эркектерде болгон. Ошол эле учурда, 2020-жылы бул өлүмдүн себебинен каза болгондордун басымдуу саны (7,5 миң же 68%) эмгекке жарамдуу курактан жогорку адамдар түзөт. Бирок ушул эле оорулар эмгекке жарамдуу эркектердин (36%дан жогору) өлүмүнүн негизги себептери болуп саналат.

Эркектер менен аялдардын арасында онкологиялык оорулардын өнүгүшү да ар түрдүү - эркектер шишиктин бир түрү менен, аялдар башка түрү менен ооруга чалдыгышат. Алсак, аялдар арасында онкологиялык патологиянын алдынкы орунда эмчек безинин залалдуу шишиктери (21%), жатын моюнчасынын жаңы шишиктери (14,8%), ашказандын (7%) жана энелик бездердин (5,5%), анда эркектердин арасында шишиктер ашказандын (20,3%), трахеянын, бронхтун, өпкөнүн (14,5%), лимфа безинин (6,3%) жана простата безинин (5%) шишиктеринин басымдуу болушу менен мүнөздөлөт.


2020-жылы республика боюнча жалпысынан коронавирустук инфекциянын (COVID-19) лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталган 40 миңге жакын учуру катталып, анын кесепетинен 2,4 миң адам каза болгон. COVID-19дан өлүмдүн эң жогорку деңгээли (болжол менен 64%) эмгекке жарамдуу курактан жогорку адамдар арасында байкалган.

Кыргызстанда энелердин өлүмү жогору бойдон калууда. 2020-жылы кош бойлуулуктун, төрөттүн жана төрөттөн кийинки мезгилдеги кыйынчылыктардан 61 аял каза болгон, же тирүү төрөлгөн 100 миң балага дээрлик 39 аял каза болгон.

Ал эми жугуштуу жана мите ооруларына келсек, каза болгондордун дээрлик жарымы кургак учук менен ооруган. Бул оорудан каза болгон ар бир 100 адамдын үчтөн экисинен ашыгы (69%) эркектер, алардын 77%ы эмгекке жарамдуу курактагылар.

2020-жылы кургак учук менен ооруган эркектер арасында көрсөткүч аялдарга салыштырмалуу  36%га жогору жана калктын 100 миңине 61 адамды түздү (аялдардын арасында 46 учур).

Акыркы жылдарда СПИДден/ВИЧ-инфекциясынан өлүмдөрдүн көбөйүү тенденциясы байкалууда, бул эркектер үчүн эң мүнөздүү. 2020-жылы ВИЧ инфекциясынан түздөн-түз 78 өлүм катталган, анын ичинен 30 аял жана 48 эркек. Бул өлүмдүн себебинен каза болгон эркектердин абсолюттук көпчүлүгү (47 адам же 98%) эмгекке жарамдуу курактагылар.

2020-жылы республикада ВИЧ илдети менен жашаган 675 адам аныкталган, алардын ичинен 65 адам ВИЧ-инфекциясынын 4-стадиясында (СПИД) диагнозу коюлган. Аныкталган адамдардын ичинен эркектер 57%, аялдар 43% түзөт.

Семирүү улуу муундагы калктын арасында олуттуу көйгөй бойдон калууда. 2020-жылы ашыкча салмак эркектердин 41,3%ында жана аялдардын 34,3%ында катталган. Аялдардын 13,7%ы, эркектердин 8,7%ы ашыкча салмакка ээ болгон. 30 жана андан жогорку жаштагы эркектердин арасында ашыкча салмактуу адамдардын жогорку үлүшү белгиленди.

Эркектер аялдарга караганда 3 эсе көп өз жанын кыюуга барышат. Жол кырсыгынан эркектердин өлүмү да аялдарга караганда 3 эсе жогору.

Өлүмдүн себептеринин түзүмүндө олуттуу үлүштү өлүмдүн табигый эмес себептери  (жаратуулар, уулануулар жана тышкы себептердин таасиринен айрым башка кесепеттер – 2 252 өлүм, же 2020-жылы каза болгондордун жалпы санынын 5,6%). ээлейт. Табигый эмес себептерден болгон өлүм эмгекке жарамдуу курактагы калкка (1 723 өлүм, же 2020-жылы эмгекке жарамдуу курактагы каза болгондордун жалпы санынын 13,5%). көбүрөөк мүнөздүү.

_________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042

Демографиялык статистика бөлүмү  e-mail: gabdullaeva@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324636.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)


Last updating: 23.11.2021, 11:21