Улутстаткомдун Төрагасынын орун басары ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрдүн статистика кызматынын башчыларынын жумушчу жолугушуусуна катышты

Publications: 22.09.2022


Москва шаарында Евразиялык экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттеринин улуттук статистика кызматтарынын жетекчилеринин жумушчу жолугушуусу болуп өттү, ага онлайн режиминде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов катышты.

Жумушчу жолугушуунун алкагында ЕАЭБ аймагындагы статистика тармагындагы интеграциянын өнүгүүсүнө байланыштуу маселелер, кыска мөөнөттүү перспективадагы улуттук статистика кызматтарынын ишмердүүлүгүнүн приоритеттүү багыттары, жакынкы жылдарга карата биргеликте иш-чараларды өткөрүү жана ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин улуттук статистика кызматтарынын расмий статистикалык маалыматтарды түзүү жана жайылтуу жөнүндө Протоколду иш жүзүндө колдонуу маселелер каралды.

           

          

 


Last updating: 22.09.2022, 10:43