Tekeeva Liuksina Aigufovna

Текеева Люксина Айгуфовна

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары

 

1969-жылы 16-январда Кыргыз Республикасынын Москва районунун Беловодское айылында төрөлгөн.

1990-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика жана материалдык-техникалык жабдууну пландаштыруу адистигин бүтүргөн.

1990-жылдын августунан 1992-жылдын ноябрына чейин “Киргизснабстрой” башкармалыгында 1-категориядагы экономист, жетектөөчү экономист болуп эмгектенген.

1992-жылдын ноябрынан 1994-жылдын октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Статистикалык изилдөөлөр институтунда башкы экономист, бөлүм башчынын орун басары, бөлүм башчы кызматтарын ээлеген.

1994-жылдын октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде бөлүмдүн начальниги, башкармалыктын начальнигинин орун басары, бөлүм башчы болуп иштеген.

2010-жылдын март айынан октябрь айына чейин БУУ ӨП “Кыргызстандагы борборлоштурууну азайтуу процессине кооптуу кырсыктарды башкарууну киргизүү” долбоорунда финансы жана бюджет боюнча эксперт болуп эмгектенген.

2010-жылдын октябрынан 2012-жылдын мартына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде бөлүм башчы болуп иштеген.

2012-жылдын мартынан Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

 

“Статистиканын отличниги” төш белгиси жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

 

“Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси” класстык чени ыйгарылган.

 

Төраганын орун басары – Л.А. Текеева

 

Улутстаткомдун төрагасы тарабынан түзүлгөн мамлекеттик статистика жаатындагы саясатты ишке ашырууну камсыз кылат.

Төмөнкүлөрдү координациялайт жана контролдойт:

- экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын, реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын, финансы статистикасы бөлүмүнүн, Ысык-Көл жана Нарын облустук мамлекеттик статистика башкармалыктарынын, ошондой эле Башкы эсептөө борборунун иштерин;

- Улутстаткомго макулдашууга түшкөн ченемдик укуктук актылардын долбоорлору боюнча, кураторлук кылган маселелер боюнча корутундуларды даярдоону;

- методологиялык, усулдук жана уюштуруучулук камсыздоо боюнча чараларды ишке ашырууну, кураторлук кылган статистиканын облустары боюнча усулдарды өздөштүрүүнүн учурдагы жана келечектүү багыттарын пландоону;

- кураторлук кылган борбордук аппараттын башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн, мамлекеттик статистиканын облустук башкармалыктарынын Статистикалык иштеринин планын өз убагында аткарылышын камсыздоону;

- статистикалык отчёттуулук формаларын жана аларды толтуруу боюнча нускамаларды өркүндөтүү боюнча иштерди;

- кураторлук кылган статистиканын облустары боюнча мамлекеттик бийликтин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандар, ишканалар жана уюмдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүмдөрү жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну (анын ичинде кат жазышууну);

- 1993-жылдагы (УЭТ 1993) улуттук эсептер тутумун өнүктүрүү жана киргизүү жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну, 2008-жылдагы (УЭТ 2008) улуттук эсептер тутуму жана улуттук байлык жаатындагы
илимий-негиздүү методологиясын изилдөөнү жана киргизүүнү;

- 2008-жылдан 2020-жылга чейин УЭТны ырааттуу киргизүүнү жана 2010-жылдан тартып УЭТнын көрсөткүчтөрүн ретроспективалык кайра саноолорун ишке ашырууну;  

- улуттук эсептер, тармактар аралык теңдем жана негизги каражаттар (фонддор) статистикасы жаатындагы статистикалык иштердин учурдагы жана келечектеги пландарын даярдоого;

- эл аралык стандарттарга жана эрежелерге жооп берген айыл чарба статистикасынын, өнөр жай жана энергетика статистикасынын, инвестиция жана курулуш, мамлекеттик  финансы, ишканалардын жана чакан ишкердиктин финансы статистикасынын статистикалык методологиясын иштеп чыгууну жана өркүндөтүүнү;

- эл аралык статистиканын көрсөткүчтөрүнүн тутумун пайдалануу менен айыл чарбасынын, өнөр жайдын жана энергетиканын, инвестициялык ишмердиктин жана курулуштун, мамлекеттик финансы, ишканалардын жана чакан ишкердиктин финансы чөйрөсүнүн, финансылык-насыя тутумунун абалын жана өнүгүүсүн мүнөздөгөн негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү иштеп чыгууну, жапылоону жана жайылтууну;

- ЭВФнын Маалыматтарды жайылтуунун атайын стандартынын (МЖАС) сунуштарына жана талаптарына ылайык статистикалык маалыматтарды түзүүнү жана иштеп чыгууну;

- УЭТ, айыл чарба статистикасы, өнөр жай жана энергетика статистикасы, инвестиция жана курулуш статистикасы, финансы статистикасы жаатындагы көрсөткүчтөрдүн тутумун жана статистикалык маалыматтар базасын түзүүнү жана киргизүүнү;

- коомдук уюмдардын жана экономиканын финансы секторунун өнөр жай, айыл чарба, курулуш ишмердигин ишке ашырган чарба жүргүзүүчү субъекттердин иштиктүү активдүүлүгүн каттоону актуалдаштыруу боюнча статистиканын аймактык органдары жана административдик ведомстволору менен иштерди;

- эсептөө техникасынын каражаттарын кеңири колдонууда негизделген заманбап маалыматтык технологиялардын базасында иштелип чыккан статистикалык маалыматтардын ишенимдүүлүгүн, бүтүндүгүн, толуктугун, өз убактылуулугун жана сапатуулугун камсыз кылууну;

- Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун башкармалыктары, бөлүмдөрү жана Улутстаткомдун БЭБи менен биргеликте статистикалык жыйнактарды жана басылмаларды даярдоо боюнча иштерди;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башкармалыктардын жана бөлүмдөрдүн ишмердигинин процессинде түзүлгөн архивдик документтерди себилдөө, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу боюнча иштерди ишке ашырууга;

- тармактар боюнча статистикалык эсеп жана методология жаатындагы жаңы жетишүүлөрдү үйрөнүү жана практика жүзүндө колдонуу максатында КМШнын Мамлекеттер аралык статистикалык комитети, Евразиялык экономикалык комиссиясы, КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик статистика органдары жана чет өлкөлөр, эл аралык статистикалык жана экономикалык уюмдар менен кызматташууну аныкталган иретте ишке ашырууну;

- КМШнын Мамлекеттер аралык статистикалык комитети, Евразиялык экономикалык комиссиясы, башка мамлекеттердин статистикалык органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну өнүктүрүүгө жардам көрсөтүү.

Last updating: 28.01.2016, 09:25