Чуй облусу

Чүй облусунун географиялык абалы

         Чүй облусу республиканын түндүк бөлүгүндө жайгашкан. Түндүк жана Батышынан Казакстан Республикасы менен, түштүк-батышынан – Талас жана Жалал-Абад облустары, түштүгүнөн – Нарын облусу, түштүк-чыгышынан – Ысык-Көл облусу менен чектешет.

Облустун жалпы аянты 20,2 миң кв. км, же Кыргыз Республикасынын аймагынын 10% ын түзөт.

 

Администрациялык-аймактык түзүлүш

               Чүй облусунун ортосунда Кыргызстандын борбору-Бишкек шаары жайгашкан. Облустун калкынын саны жөнүндө статистикалык маалыматтарды эсептөөдө республиканын борборунун калкы өзүнчө эсепке алынат. Ири шаарлары-Токмок, Кант, Кара-Балта.

Чүй облусунун курамына 8 район жана 7 шаар (облустук маанидеги бир шаар – Токмок жана райондук маанидеги 6 шаар – Кара-Балта, Шопоков, Кант, Кемин, Орловка, Каинды), шаар тибиндеги бир поселок жана 105 айылдык аймактар кирет.

Москва району –Беловодское айылы (райондун борбору)

Сокулук району –Сокулук айылы (райондун борбору)

Аламүдүн району – Лебединовка айылы (райондун борбору)

Чүй району – Токмок шаары (райондун борбору)

Ыссык-Ата району – Кант шаары (райондун борбору)

Кемин району – Кемин шаары (райондун борбору)

Панфилов району – Каинды шаары (райондун борбору)

Жайыл району – Кара-Балта шаары (райондун борбору)

 

Чүй облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү

Публикации Чуйской области

 

Акыркы жаңылоо: 09.03.2023, 17:52