1-май Эмгек күнү: Кыргызстандын иштеген калкынын саны

Басылмалардын датасы: 27.04.2018


Үй чарбаларынын бюджеттерине жана жумушчу күчүнө карата жүргүзүлгөн интеграциялык тандалма изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча  2016-ж. иштеген калктын саны 2363,7 миң адамды түздү. Калктын жумуштуулук деңгээли 57 пайызды түздү.  

Иштеген калктын жалпы санынан 31 пайызы ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда иштешет, анын ичинде айыл жергесинде иштегендерге (25 пайыз) салыштырмалуу, шаар жергесинде иштегендердин үлүшү (42 пайыз) көбүрөөк. Айыл калкынын негизги жумуш орду болуп,  дыйкан (фермер) чарбалары (28 пайыз) саналат.

Иш менен камсыздуулуктун түзүмү  айыл чарбасынын ачык басымдуулугу   менен мүнөздөлөт. Бул секторго (токой чарбасы жана балык улоочулук менен бирге) жалпы иштегендердин 26,8 пайызы туура келет. Жумуш берүүчү болуп масштабы боюнча экинчи орунда,  дүң жана чекене соода, автомобиль жана мотоциклдерди оңдоо тармагы турат, алар республика боюнча бардык иштегендердин 15,6 пайызын түзөт. Маанилүүлүгү боюнча үчүнчү болуп, курулуш (12 пайыз), андан кийин билим берүү (8,7 пайыз), кайра иштетүүчү өнөр жайы (7,6 пайыз), транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо (7,1 пайыз) тармактары саналат.

Экономиканын секторлорунда иштеген калктын саны

(жыйынтыкка карата пайыз менен)

 


Акыркы жаңылоо: 27.04.2018, 09:46