16 - июнда Улутстаткомдо журналисттер менен жолугушуу өткөрүлөт

Басылмалардын датасы: 14.06.2017


2017-жылдын 16-июнунда, эртең мененки саат 10:00 Кыргыз Республикасынын Улутттук статистикалык комитети, пресс-клубдун ишинин чегинде, республиканын статистикалык органдарынын жүргүзүп жаткан иштери, эсептөөлөрдүн методологиялары, көрсөткүчтөрдү эсептеп чыгуу боюнча кененирээк түшүндүрмөлөрдү берүү үчүн, журналисттер менен жолугушуу өткөрөт.

Жолугушууда төмөнкү презентациялар түшүндүрүлүп берилет:

  • Байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканы эсептөө ыкмалары – Исенкулова Эльвира Каазакбаевна -Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын  башчысы;
  • Негизги капиталга инвестициялар – Бирюкова Виктория Ивановна – Инвестициялар статистикасы бөлүмүнүн башчысы.

 

Журналисттер менен жолугушууга катышууну каалагандардын баары чакырылат.

 

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы

т.: + 996 (312) 625 559, 625 747

ф: + 996 (312) 660 138

e-mail: smi_nsc@stat.kg,

Дарек: Фрунзе көчөсү - 374 (Т.Молдо көчөсү менен кесилишет, Улутстаткомдун имараты).

 


Акыркы жаңылоо: 14.06.2017, 09:43