16-ноябрда “Мамлекеттик статистика жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча Тегерек столдун отуруму өтөт

Басылмалардын датасы: 14.11.2017


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети 2017-жылы 16 ноябрда саат 10:00дө, Бишкек шаарында, Тоголок Молдо көчөсү-52, The Plaza Hotel мейманканасынын конференц-залында “Мамлекеттик статистика жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча жыйын өткөрөт.

  Иш-чара, мыйзам долбоорун иштеп чыгууда консултациялык колдоо көрсөтүүчү, мамлекеттик органдардын, коомучулуктун өкүлдөрүнүн жана эл аралык эксперттердин катышуусу менен өткөрүлөт.

 

Иш-чарага катышууну каалагандардын баары чакырылат.

 

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы

т.: + 996 (312) 625 559, 625 747

ф: + 996 (312) 660 138

e-mail: smi_nsc@stat.kg,

 


Акыркы жаңылоо: 15.11.2017, 08:45