18-апрелде “Расмий статистика жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча Тегерек столдун отуруму өтөт

Басылмалардын датасы: 16.04.2018


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети 2018-жылы 18-апрелде саат 09:30да, Бишкек шаарында, Тоголок Молдо көчөсү-52, The Plaza Hotel мейманканасынын конференц-залында “Расмий статистика жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча жыйын өткөрөт.

Жыйын Дүйнөлүк банктын “Кыргыз Республикасынын статистикасын өнүктүрүү Улуттук стратегиясын ишке ашыруу” (TF 017862) долбоорунун иш-чараларын ишке ашыруунун  алкагында өткөрүлүп жатат.

        Иш-чара, мыйзам долбоорун иштеп чыгууда консултациялык колдоо көрсөтүүчү, мамлекеттик органдардын, коомучулуктун өкүлдөрүнүн жана эл аралык эксперттердин катышуусу менен өткөрүлөт.

Иш-чарага катышууну каалагандардын баары чакырылат.

 

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы

т.: + 996 (312) 625 559, 625 747

ф: + 996 (312) 660 138

e-mail: smi_nsc@stat.kg,


Акыркы жаңылоо: 16.04.2018, 17:08