2019-жылы республикада кедейчилик деңгээлинин төмөндөшү белгиленди

Басылмалардын датасы: 10.06.2020


2019-жылда кедейчиликтин деңгээли жалпы өлкө боюнча 20,1 пайызды түздү, бул  өткөн жылга карата 2,3 пайыздык пунктка төмөндөдү.

 Шаар жерлеринде кедейчиликтин деңгээли 5,4 пайыздык пунктка, ал эми айыл жерлеринде –0,5 пайыздык пунктка төмөндөдү.

Жашаган жери боюнча кедейчиликтин деңгээли

            (калктын жалпы санына карата пайыз менен)

 

2019-жылы кедейчиликтин жалпы чегинин нарктык көлөмү бир жылдын ичинде калктын киши башына 32 981 сомду, эң төмөнкүсү – 17 706  сомду түздү.

2019-жылы кедейчиликтин чегинде 1 млн. 313 миң адам жашаган, алардын 73,8 пайызы калк отурукташкан айыл пункттарынын тургундары болуп саналган.

Аймактар боюнча кедейчиликтин деңгээли   

            (калктын жалпы санына карата пайыз менен)

 

2015

2016

2017

2018

2019

Кыргыз Республикасы

32,1

25,4

25,6

22,4

20,1

Баткен облусу

41,2

37,0

40,5

33,8

32,6

Жалал-Абад облусу

45,1

32,2

32,6

32,2

26,9

Ысык-Көл облусу

28,9

24,7

24,2

21,5

24,4

Нарын облусу

38,0

37,8

29,2

30,6

28,1

Ош облусу

28,9

22,0

14,3

14,8

14,0

Талас облусу

21,5

18,1

20,7

22,1

13,3

Чүй облусу

24,8

30,3

33,3

15,6

19,1

Бишкек ш.

23,5

9,8

15,9

15,4

11,9

Ош ш.

38,3

24,6

33,5

35,5

20,7

2019-жылы кедейчиликтин деңгээли Талас (8,8 пайыздык пунктка), Жалал-Абад (5,3 пайыздык пунктка), Нарын (2,5 пайыздык пунктка), Баткен (1,2 пайыздык пунктка) жана Ош (0,7 пайыздык пунктка) облустарында, ошондой эле Бишкек (3,5 пайыздык пунктка) жана Ош (14,8 пайыздык пунктка) шаарларында мурунку жылга салыштырганда анын төмөндөгөнү белгиленди. Муну менен бирге, Чүй (3,5 пайыздык пунктка) жана Ысык-Көл (2,9 пайыздык пунктка) облустарында кедейчиликтин өскөндүгү белгиленди.

2019-жылы 0-17 жаш курагындагы 660,8 миң бала же ушул курактагы балдардын 25,7 пайызы кедейчилик шартында жашаган.

Кедейчиликте жашаган балдардын саны, аймактар боюнча

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат.  Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси). Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Улутстатком Фейсбукта |

тел.625747 |


Акыркы жаңылоо: 12.06.2020, 19:55