31 - мартта Улутстаткомдо журналисттер менен жолугушуу өткөрүлөт

Басылмалардын датасы: 30.03.2017


Эртең, 2017-жылдын 31-мартында, эртең мененки саат 10:00 Кыргыз Республикасынын Улутттук статистикалык комитети, пресс-клубдун ишинин чегинде, республиканын статистикалык органдарынын жүргүзүп жаткан иштери, эсептөөлөрдүн методологиялары, көрсөткүчтөрдү эсептеп чыгуу боюнча кененирээк түшүндүрмөлөрдү берүү үчүн, журналисттер менен жолугушуу өткөрөт.

Жолугушууда төмөнкү презентациялар түшүндүрүлүп берилет:

  1. Жалпы ички өндүрүмдү эсептөө ыкмалары – Кудербаева Алмагүл Мирбековна -Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын улуттук эсептер системасы жана экономикалык баланстар бөлүмүнүн башчысы;
  1. Кыргыз Республикасынын калкынын ички миграциясы – Таипова Тамара Сабыровна – Социалдык-демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгынын демографиялык статистика бөлүмүнүн башкы адиси;
  1. Орточо айлык акы, калктын жумуш менен камсыздыгы – Жайлобаева Гүлнара Жылкычиевна - Социалдык-демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгынын демографиялык статистика бөлүмүнүн башчысы.

 

Журналисттер менен жолугушууга катышууну каалагандардын баары чакырылат.

 

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы

т.: + 996 (312) 625 559, 625 747

ф: + 996 (312) 660 138

e-mail: smi_nsc@stat.kg,

Дарек: Фрунзе көчөсү - 374 (Т.Молдо көчөсү менен кесилишет, Улутстаткомдун имараты, 1-этаж, Пресс-борбор).

 

 


Акыркы жаңылоо: 30.03.2017, 10:11