Кыргызстандагы аялдар: цифралар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 06.03.2017


Аялдардын эл аралык күнү – бул аялдарга көңүл бөлүүнүн жана жаздын майрамы, бул күнү адамзаттын күчтүү жарымы өздөрүнүн сүйүктүү жана жакын аялдарын белектер жана камкордук менен дагы бир жолу кубандыра алышат.

Белгилүү болгондой, 1910-жылы Копенгагенде иштеп жаткан аялдардын 2-Эл аралык конференциясы болуп өткөн. Анда Германиянын социал-демократиялык партиясынын аялдар тобунун жетекчиси Клара Цеткин Эл аралык аялдар күнүнүн демигесин көтөргөн. Анын сунушу боюнча Аялдар күнү ар бир өлкөдө жыл сайын бир күндө белгиленүүсү керек болчу. Бул майрамдын максатын Цеткин аялдардын өздөрүнүн укуктары үчүн крөшүүсү деп атаган.

“Аялдардын эл аралык күнү” майрамы расмий макамды 1975-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен алып, ошондон бери аялдардын укуктары үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү катары белгиленип келүүдө жана эл аралык коомчулук жыл сайын белгилөөдө.

Ушул майрамдык күнгө карата, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистка комитети Кыргызстандагы аялдардын демографиялык, социалдык жана экономикалык абалы жөнүндө кыскача баяндама даярдады.

 

Кыргызстанда аялдардын саны эркектердин санынан басымдуулук кылат. Буга көптөгөн себептер бар. Улгайыңкы жаштагы аялдар үчүн-бул Улуу Ата Мекендик согуштун таасири, ал эми орто жаштагы аялдар үчүн-эркектердин өлүмүнүн саны себеп болот. 35 жашка чейин гана эркектердин саны көптүк кылат. Андан тышкары эркектердин саны аялдардын санынан жогору болушу төрөлүүнүн көрсөткүчтөрү жогору болгон областтарда байкалат (белгилүү болгондой кыздарга караганда эркектер көп төрөлөт).

2017-жылдагы туруктуу калктын жыныстык жана аймактык белгилери боюнча саны

(жылдын башталышына карата, миң адам)

 

 

 

 

Эки жыныс биригип

Анын ичинде:

Калктын жалпы санында аялдардын үлүшү, пайыз

 

 

 аялдар

эркектер

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасы

6140,2

3097,7

3042,5

50,4

Баткен облусу

503,5

247,3

256,2

49,1

Жалал-Абад облусу

1168,7

581,4

587,3

49,7

Ысык-Көл облусу

476,8

239,6

237,2

50,3

Нарын облусу

281,0

138,2

142,8

49,2

Ош облусу

1287,5

637,6

649,9

49,5

Талас облусу

255,2

126,3

128,9

49,5

Чүй  облусу

905,2

459,5

445,7

50,8

Бишкек шаары

980,4

522,0

458,4

53,2

Ош шаары

281,9

145,8

136,1

51,7

 

Аялдардын орто жаш курагы эркектердикине караганда бир аз жогору: 28 жыл жана 26 жыл тиешелүү түрдө. Бирок биздин аялдар эркектерге караганда узагыраак жашайт да. Жашоонун болжолдуу узактыгы 75-67 жашка жетти    (2015-жылдагы маалыматтар боюнча). Азыркы 60 жаштагы аялдар орто эсеп менен дагы 20 жыл, ал эми эркектер дагы 15 жыл жашай алышы мүмкүн (өмүр узактыгынын айырмачылыгы ар түрдүү жыныстагылардын өлүмүнүн деңгээлине  жараша болот: эркектердин өлүмү аялдардын өлүмүнө караганда 1.5-1.6 эсе жогору болот).

       Кыргыз Республикасында орточо статистикалык маалыматтар боюнча аялдар биринчи жолу 23-24 жаш курагында никеге турат жана ошол эле куракта биринчи баласын төрөйт да, өмүр бою жашап 3 балалуу болот, бул өзү жогорку көрсөткүч. Кыргызстанда  балдардын төрөлүү көрсөткүчү КМШ өлкөлөрүнүн көптөгөн мамлекеттеринен айырмаланып калктын  калыптануу шарттары     камсыздалган, тактап айтканда калкынын саны 2015-ж. аягында 6 млн. тургунга жетип, барган сайын өсүүдө.

       Тилекке каршы азыркы учурда 15-17 жаштагы өспүрүм кыздардын көбүрөөк төрөп жатышы белгиленүүдө (2006-жылы ушул курактагы 1000 аялга  4,4 бала, 2015-жылы 7,0 балага туура келген). Никеге чейинки кыздардын төрөшүүнүн  эң жогорку көрсөткүчү Чүй жана Талас облустарында байкалган (2015-ж. ал республикалык көрсөткүчтөн 1,5-1,7 эсе ашкан). Бул кыздар жаш кезинде эле эне болуп калгандыктан  алардын базалык билим алуу мүмкүнчүлүгү чектелип калат.

Кыргызстандагы аялдар эркектерге караганда миграциялык процесстерге активдүүрөк катышышат. 2016-жылы 7,1 миң эмигранттын ичинен аялдар 4,5 миң адам, же 61 пайызын түзгөн. Ушул эле жылы облустар аралык жер которууда 21,3 миң адам катышып, алардын 14,2 миң адамы (67%) аялдар болгон.

Аялдардын билим деңгээли

2099-жылдагы калкты жана турак-жай фондун каттоонун жыйынтыктары, республиканын калкынын билим деңгээлинин жетишээрлик жогору экендигин күбөлөөдө (99,2 пайыз). Аялдардын жана эркектердин арасында бул көрсөткүч 99,0 жана 99,5 пайызды түздү. Аны менен бирге, аялдардын жана эркектердин билим деңгээлиндеги кээбир айырмачылыктарды белгилөө керек. Мисалы, жогорку жана толук эмес жогорку билими бар аялдардын үлүшү 17 пайызды түзду, ал эми эркектерде – 14 пайыз. Аялдардын арасында, эркектерге караганда, орто профессионалдык билими барлар 2 эсеге көп болгон. Ошол эле мезгилде, эркектерге караганда, билимсиз аялдардын үлүшү 2 эсеге көп болгон. 70 пайызга жакын билимсиздердин жаш курагы 55 жаштан жогору болгон.

Рынок экономикасына өтүүнүн экономикалык жана социалдык маселелеринин чыгымдарына карабастан, мамлекеттик колдоонун аркасында, баштапкы жана орто билим алууга балдарга жеткиликтин жогорку деңгээлин сактоого жетишилүүдө, айрыкча кыздарга.

Милдеттүү окутуу чегинде (7-15 жыл) билим берүүнүн камтуу деңгээли 98 пайызды түздү. Мунун ичинде жынысына карабастан окутуунун жогорку пайызы ар түрдүү деңгээлдерде камсыздалат.

Ошентсе да, курактык топтор боюнча балдарды окутуунун камтуу деңгээлинде кээбир айырмачылыктар бар, мунун ичинде окуучулардын арасында гендердик теңдик сакталат. Баштапкы жана орто билим берүүдө кыздардын жана балдардын катышы, толук эмес орто мектептерге (5-9 класстар) балдарга караганда кыздар азыраак келишээрин көрсөтүүдө. Бирок, кыздар орто мектептердин чегинде (10-11 класстар) көбүрөөк билим алышат, ошол эле мезгилде, балдар окутуу системасынан 9 класстан кийин кете башташат.

Бул балдардын материалдык абалы боюнча мажбурлуу эрте жашынан  адистик алууга умтулуусу менен байланышкан. Мындай жаштардын бир бөлүгү профессионалдык лицейлерге, орто профессионалдык окуу жайларына же кыска мөөнөттүү курстарга, эмгек рыногуна тез арада чыгуучу адистиктерге даярдоочу окууларга өтүшөт (1-Таблица).

1-Таблица. Баштапкы, толук эмес орто жана орто жалпы билим берүүчү уюмдарга кабыл алынган, кыздардын жана балдардын катышы

  (окуу жылынын башталышына, пайыз менен)

 

2000/

2001

2005/

2006

2010/

2011

2011/

2012

2012/

2013

2013/

2014

2014/

2015

2015/

2016

Баштапкы билим берүү (1-4 класстар)

97,1

98,8

98,9

98,8

98,9

99,2

99,1

 

98,9

Толук эмес орто билим берүү (5-9 класстар)

99,6

99,9

99,7

98,9

99,4

99,9

99,5

 

99,3

Орто билим берүү (10-11 класстар)

116,7

114,9

114,9

113,9

113,1

112,9

117,8

119,7

Аялдардын экономикалык абалы

Эмгек менен алек болгон калктын арасында аялдардын үлүшүнүн эң көбү кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө, негизинен, кыймылсыз мүлккө аракеттерде (93 пайыз), саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык тейлөөдө (84 пайыз), билим берүүдө (79 пайыз), мейманкана жана ресторандарда (59 пайыз), кайра иштетүү өнөр-жайында (45 пайыздан ашуун).

Аймактары боюнча аялдардын жана эркектердин орточо айлык акылары

(2016-жылы ноябрда ишканаларды жана мекемелерди бир мезгилде иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча)

 

2016

 

Аялдардыкы, сом

Эркектердики, сом

Аялдардын эмгек акыларынын эркектердин эмгек акыларына болгон катышы, пайыз

Кыргыз Республикасы

11743

15592

75,3

 

 

 

 

Баткен облусу

9454

11528

82,0

Жалал-Абад облусу

9889

15319

64,6

Ысык-Көл облусу

9365

10879

86,1

Нарын облусу

11914

14384

82,8

Ош облусу

8646

10455

82,7

Талас облусу

9419

11625

81,0

Чүй облусу

10690

14075

75,9

Бишкек шаары

15838

19877

79,7

Ош шаары

10920

13341

81,9

Эркектердин айлык акылары аялдардын айлык акыларынан Жалал-Абад облусунда 1,5 эсеге, Бишкек шаарында жана Жалал-Абад облусунда 1,3 эсеге жогору болгон. Айлык акыларындагы эң кичине ажырым Нарын жана Ысык-Көл облустарында белгиленген, 20,7 жана 16,2 пайызга.

Аялдардын орто республикалык деңгээлден жогорку айлык акылары Бишкекте белгиленип, 19877 сомду түзгөн, ал эми төмөнкү айлык акылары Ош облусунда белгиленип, 10455 сомду түзгөн.

 


Акыркы жаңылоо: 07.03.2017, 10:22