Акылбек Султанов: Кыргызстанда эл каттоо иш чарасы белгиленген убакытта өтөт

Басылмалардын датасы: 16.03.2020


14-мартта, Бишкекте, Коопсуздук Кеңеши коронавируска байланыштуу түзүлгөн кырдаалды карады. Отурум Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусунда өткөн.

Сооронбай Жээнбеков коронавирус боюнча абалды жеке көзөмөлгө алганын белгиледи.

Коронавируска байланыштуу тобокелчиликтердин өлкөнүн экономикасына тийгизген таасирин азайтуу боюнча өмөт мүчөлөрү доклад жасашты.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасы Акылбек Султанов эл жака турак жай каттоо иш чарасы белгиленген убакта – 23-марттан 1-апрелге чейин өтөөрүн, алыску тоолуу аймактарда 20нан 29-апрелге чейин өтөөрүн билдирди.

Мындан тышкары, эл жана турак жай каттоого карата даярдык иштери 90% аяктап калганын белгилеп өттү. Азыркы тапта мамлекеттик статистика органдарынын аймактык бөлүмдөрү каттоочуларды окутуу иштерин жүргүзүп, ал 20-мартта аяктайт.

Коронавирустан түзүлгөн коркунучтуулугуна байланыштуу Улутстатком каттоочуларды окутуу программасына коронавирустук инфекциядан коргону үчүн негизги коопсуздук чаралары киргизди.

(Сүрөттөр president.kg сайтынан алынды)


Акыркы жаңылоо: 16.03.2020, 15:29