2018-жылдагы калкка микрокредит берүү рыногу боюнча тенденциялардын талдоосу

Басылмалардын датасы: 27.03.2019


Микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан 2018-жылы 23116,2 млн. сом суммасында кредит берилип, алуучулардын саны 481,9 миң адамды түздү. Микрокредит алган калктын саны мурунку жылга салыштырганда 56,5 пайызга (173,9 миң адамга), ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 5949,7 млн. сомго көбөйгөн.

1-график: Кыргыз Республикасы боюнча калкка микрокредиттердин берилиши

Микрокредиттердин олуттуу суммасы Бишкек ш. (4661,2 млн. сом же берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 20,2 пайызы), Ош (4638,4 млн. сом же 20,1 пайыз), Чүй (3493,2 млн. сом же 15,1 пайыз) жана Жалал-Абад облустарынын (3089,1 млн. сом же берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 13,4 пайызы) алуучуларына берилген.

1-таблица: Калкка аймактар боюнча микрокредиттердин берилиши

 

Берилген микрокредиттердин көлөмү,

миллион сом

Алуучулардын саны,

миң адам

2017

2018

2017

2018

Баткен облусу

854,3

1 326,0

20,8

39,2

Жалал-Абад облусу

2 014,4

3 089,1

42,4

78,6

Ысык-Көл облусу

1 631,4

2 576,4

29,9

52,9

Нарын облусу

1 397,1

1 735,1

26,2

41,0

Ош облусу

3 792,1

4 638,4

72,3

110,2

Талас облусу

412,6

645,8

8,4

17,1

Чүй облусу

2 820,9

3 493,2

49,4

63,1

Бишкек ш.

3 605,4

4 661,2

47,3

61,5

Ош ш.

638,5

951,0

11,3

18,3

 

2018-жылы берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 30,6 пайызы айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 24,9 пайызы керектөөчүлүк кредиттерине, 14,6 пайызы калкты турмуш-тиричиликтик жактан тейлөөгө багытталды.

2-график: Кыргыз Республикасындагы максаттар боюнча калкка микрокредиттердин берилиши  

  (микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

2019-жылдын 1-январына карата берилген микрокредиттер боюнча карыз 16189,4 млн. сомду түздү. Микрокредиттерди кайтаруу деңгээли 2018-жылы өткөн жылга салыштырганда 6,1 пайыздык пунктка азайып, 91,1 пайызды түздү. Муну менен бирге 2016-жылы кайтаруунун деңгээли 94,1 пайызды түздү.

_______________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 29.03.2019, 08:58