2020-жылдын I кварталындагы калкка микрокредиттерди берүү рыногундагы тенденциялардын талдоосу

Басылмалардын датасы: 11.06.2020


Үстүбүздөгү жылдын I кварталында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 6 924,3 млн. сом суммасында кредит берилип, алуучулардын саны 143,9 миң адамды түздү. Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 7,6 пайызга, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү - 11,4 пайызга көбөйдү.

Микрокредиттердин эң көп суммасы Ош облусунун (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 1 411,5 млн. сому же 20,4 пайызы), Бишкек ш. (1 182,3 млн. сом же 17,1 пайыз), Жалал-Абад (1 033,1 млн. сом же 14,9 пайыз) жана Чүй облустарынын (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 972,8 млн. сому же 14,0 пайызы) алуучуларына берилген.

1-таблица: I кварталдагы аймактар боюнча калкка микрокредиттердин берилиши

 

Берилген микрокредиттердин көлөмү,

миллион сом

Алуучулардын саны,

миң адам

2019

2020

2020-ж. 2019-ж. карата пайыз менен

2019

2020

2020-ж. 2019-ж. карата пайыз менен

 

Баткен облусу

392,9

548,5

139,6

11,7

15,1

129,1

Жалал-Абад облусу

907,1

1 033,1

113,9

24,4

25,8

105,7

Ысык-Көл облусу

719,0

773,3

107,6

15,1

15,4

102,4

Нарын облусу

466,0

488,4

104,8

10,7

10,6

99,1

Ош облусу

1261,4

1 411,5

111,9

31,1

34,1

109,5

Талас облусу

193,4

212,9

110,1

4,9

4,7

95,3

Чүй облусу

849,5

972,8

114,5

15,7

16,0

101,8

Бишкек ш.

1179,7

1 182,3

100,2

15,3

17,0

111,0

Ош ш.

246,6

301,5

122,3

4,7

5,2

108,9

 
Үстүбүздөгү жылдын I кварталында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 35,1 пайызы - айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 26,1 пайызы - керектөөчүлүк муктаждыктарына, 11,7 пайызы соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө багытталды.

Үстүбүздөгү жылдын I кварталында бекитилген мөөнөттөргө ылайык микрокредиттерди кайтаруунун деңгээли, өткөн жылдын I кварталына салыштырганда 3,0 пайыздык пунктка азайуу менен 87,9 пайызды түздү.

_______________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 11.06.2020, 14:05