Бишкекшаарстат «Жардам берүү - пайдалуу иш» кайрымдуулук акциясын өткөрдү

Басылмалардын датасы: 31.05.2019


Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Бишкек шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгынын өкүлдөрү 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнүн жана Орозо айт майрамынын алдында Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Маловодное айылындагы майып балдар үчүн реабилитациялык борборуна барышты.

 Борборго жеке гигиеналык жана жууп-тазалоочу каражаттар, кондитердик азыктар жана ширелер түрүндө жалпы суммасы-11500 сом жардам иретинде берилди.

Аталган иш-чара башкармалыктын кызматкерлеринин чогултулган акчалай каражаттарын эсебинен өткөрүлдү.

 


Акыркы жаңылоо: 31.05.2019, 14:05