2021-жылы берилген микрокредиттердин 38 пайыздан көбү керектөөчүлүк муктаждыктарына багытталды

Басылмалардын датасы: 12.04.2022


2021-жылы микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан 37,0 млрд. сом суммасында кредиттер берилди, муну менен бирге алуучулардын саны 645 миңге жакын адамды түздү. Микрокредит алган калктын саны 2020 жылга салыштырганда 9%га азайды, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү тескерисинче дээрлик 19%га көбөйгөн.

Калкка микрокредиттердин берилиши

Микрокредиттердин олуттуу суммасы Ош облусунун (7,8 млрд. сом же берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 21,2%ы) жана Бишкек шаарынын (6,7 млрд. сом же 18,2%), Чүй (5,4 млрд. сом же 14,5%) жана Жалал-Абад облустарынын (5,1 млрд. сому же 13,7%) алуучуларына берилген.

2021-жылы берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 38,4%ы керектөөчүлүк муктаждыктарына, 28,5%ы айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 11,2%ы соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө жана 8,4%ы курулушка багытталды.

Максаттар боюнча калкка микрокредиттердин берилиши

(микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

__________________________________________________

Каржы статистикасы бөлүмү |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;  |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

2022-жылдын 12-апрели


Акыркы жаңылоо: 12.04.2022, 16:01