Кыргызстандагы эмгекке жөндөмдүү жаш курактан улуу адамдардын саны 2015-жылдын башына карата 408 миң адамды түздү

Басылмалардын датасы: 01.10.2015


Кыргызстандагы эмгекке жөндөмдүү жаш курактан улуу адамдардын саны 2015-жылдын башына карата 408 миң адамды же калктын жалпы санынын 6,9 пайызын түздү: эркектердин арасында - 4,3 пайыз, аялдардын арасында – 9,5 пайыз. Бул жаш курактык топтогу аялдардын санынын эркектердин санына караганда жогорулашы 160 миң адамга же 2,3 эсеге көп.

Эмгекке жөндөмдүү жаш курактан улуу адамдардын негизги бөлүгүн аялдар түзөт, анткени алардын жашоо узактыгы эркектерге караганда узак. Учурдагы 60 жаштагы аялдар дагы 20 жыл, ал эми эркектер 15 жыл жашоо ыктымалдуулугуна ээ. Жашоо узактыгындагы ажырым жыныстардын өлүм деңгээлиндеги айырмачылыктары менен байланыштуу: эркектердин өлүмү аялдардын өлүмүнө караганда 1,5-1,6 эсеге жогору. Мындан сырткары аялдардын пенсиялык жаш курагы эркектердин жаш курагынан беш жылга эрте (эркектер - 63 жаш, аялдар -  58 жаш).

БУУнун классификациясына ылайык 65 жаштан улуу адамдардын бардык калктагы үлүшү 7 пайыздан ашса, өлкөнүн калкы улгайган калк болуп саналат. 2015-жылдын башына карата кыргызстандыктардын 256 миңге жакыны же 4,3 пайызы жогоруда көрсөтүлгөн жаш курактагы адамдар болушту, бул Казакстан (2014-ж. башына карата - 7 пайызга жакын), Россия (2014-ж. башына карата - 13 пайыз)  жана башка өлкөлөрдөгү көрсөткүчтөн бир кыйла төмөн. Бул жаш курактагы калктын эң көп үлүшү Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында (5-6 пайыз) жашашат.

Ошентип, Кыргызстан азыркы учурда демографиялык улгаюу процессине кабыла элек (бирок бул улгайган адамдардын арасында социалдык көйгөйлөр жок дегенди билдирбейт). Бирок азыркы учурда улгаюу процесси дүйнө жүзүнүн дээрлик бардыгын камтыды. Кыргызстан боюнча айтсак, мында улгаюу процесси болжолдуу түрдө 2030-жылдары пайда болот. Бул жылдары улгайган адамдардын саны дээрлик эки эсе көбөйөт.

_________________________________________________________________________________________________________

Демографиялык статистика бөлүмү  |    e-mail: r.chynybaeva@stat.kg;     |     тел. + 996 (312) 325336.

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 


Акыркы жаңылоо: 02.10.2015, 09:57