Түзүлгөн камсыздандыруу келишимдеринин саны дээрлик 2 эсеге көбөйдү

Басылмалардын датасы: 23.08.2021


2021-жылдын I жарым жылдыгында республиканын экономикасынын финансы секторунда 14 камсыздандыруу компаниясы ишмердигин жүргүздү. Алардын кирешелери 2020-жылдын I жарым жылдыгына салыштырмалуу 1,6 эсеге өстү жана 0,9 млрд. сомду түздү. Мында, кирешелердин негизги көлөмү (алардын жалпы суммасынын 82%ы) келип түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсебинен алынды.

Камсыздандыруу компанияларынын чыгымдары ушул мезгил ичинде 1,8 эсеге көбөйдү жана 0,7 млрд. сомду түздү. Мында, чыгымдардын жалпы суммасынын 43% камсыздандыруу мүчөлүк салымдарын (сыйлыктарды) төлөп берүүгө, кайра камсыздандырууга карата берилген чыгымдарга жана 26% - ишти жүргүзүү менен байланышкан чыгымдарга туура келди.

Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу компаниялары тарабынан 176 млн. сомго жакын сальдолоштурулган пайда алынды, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилинин деңгээлинде болду.

 2021-жылдын 1-июлуна карата камсыздандыруу компаниялары тарабынан 129 миң камсыздандыруу келишимдери түзүлдү, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине караганда 1,9 эсеге көп. Түзүлгөн келишимдеринин жалпы санынын 90%дан ашыгы жеке жактар менен түзүлгөн келишимдерге туура келди. Муну менен бирге, түзүлгөн келишимдеринин жалпы санынын 75%дан ашыгы ыктыярдуу камсыздандыруунун үлүшүнө туура келди.

Түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруу суммасы 2021-жылдын 1-июлуна карата өткөн жылдын тиешелүү күнүнө салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйүү менен 607 млрд. сомду түздү. Камсыздандыруу суммасынын олуттуу көбөйүүсү жоопкерчиликти жана мүлктү ыктыярдуу камсыздандыруу келишимдеринде белгиленди.

2021-жылдын I жарым жылдыгында камсыздандыруу салымдары 0,8 млрд. сомунда келип түштү, бул өткөн жылдын I жарым жылдыгына караганда 2 эсеге көп.

Жылдын башынан тарта 4 миңден ашык камсыздандыруу учурлары белгиленди, алардын ичинен 68%ы ыктыярдуу жеке медициналык камсыздандырууга туура келди. Камсыздандыруу төлөп берүүлөрдүн жалпы суммасында 41%ы ыктыярдуу мүлктүк камсыздандырууга жана 32%дан ашыгы - жеке медициналык камсыздандырууга туура келди.

_______________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү     |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  664209, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 23.08.2021, 13:06