Цифралар жана фактылар: Кыргызстандын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү

Басылмалардын датасы: 07.06.2023


Жыл сайын 7-июнда Кыргыз Республикасында финансы-экономика чөйрөсүнүн кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилешет. Бул майрам финансы жана экономика министрликтеринин кызматкерлери,  бухгалтердик жана аудитордук компаниялардын финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, Финансылык кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн кызматкерлери, Финансылык аналитиктер, ошондой эле ушул профилдеги адистерди даярдаган билим берүү жана илим чөйрөсүнүн кызматкерлери үчүн арналган. Майрам Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө экономиканын бардык тармактарынын финансылык жана экономикалык кызматкерлеринин кошкон салымынын маанилүүлүгүн белгилөө максатында уюштурулган.

Финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүү чөйрөсүндө 900гө жакын уюм иш жүргүзөт.

Финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүндө иштеген кызматкерлердин тизмелик саны 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 27,1 миң адамды түздү. Кызматкерлердин эң көп саны финансылык ортомчулук уюмдарында катталган, бул 2021-жылга салыштырмалуу 8,5 пайызга көбөйгөн.

 2021-2022-жж.финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлеринин орточо айлык эмгек акысы жана тизмелик саны.

 

 

2021-жыл

          2022-жыл

 

Кызматкерлердин тизмелик саны, адам

Орточо айлык эмгек акы, сом менен

Кызматкерлердин тизмелик саны, адам

Орточо айлык эмгек акы, сом менен

Финансылык ортомчулук

23 620

37 032

25 619

47528

Милдеттүү социалдык камсыздоодон тышкары камсыздандыруу, кайра камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо

533

30 681

573

38 385

Финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүндөгү көмөкчү ишмердик

646

10 165

873

10 908

2023-жылдын январь-март айларында финансылык ортомчулук уюмдары тарабынан алынган дүң кирешенин көлөмү 4,5 млрд. сомду түздү. Бул көлөмдүн үчтөн экиси банк чөйрөсүнөн тышкаркы кредит берүү уюмдары, 18%ы камсыздадыруу компаниялары, 3,4%ы бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы ишканалар тарабынан түзүлдү.

Финансылык ортомчулук чөйрөсүндөгү ишканалардын жалпы санынын жарымынан көбү (53,3%ы) үстүбүздөгү жылдын I кварталын 1,5 млрд. сом суммасында пайда менен аяктады, ал эми 14,4%ы чыгаша (0,2 млрд. сом) тартты. 2023-жылдын I кварталынын жыйынтыгы менен алар тарабынан 1,3 млрд. сом пайда өлчөмүндө оң сальдолоштурулган финансылык жыйынтык алынды.

Жогорку кесиптик окуу жайларында (ЖКОЖ), ошондой эле орто кесиптик билим берүү уюмдарында (ОКБУ) окуган студенттер арасында эң популярдуу адистик экономика жана башкаруу болуп саналат.

 студенттерди адистиктер боюнча бөлүштүрүү
(окуу жылынын башталышына карата, адам)

 

2021/2022

2022/2023

ЖКОЖ

Экономика жана башкаруу

40 138

36 596

алардын ичинен:

 

 

экономика

28 074

26 220

менеджмент

5 151

4 847

бизнес башкаруу

2 611

2 017

ОКБУ

Экономика жана башкаруу

14 656

15 469

алардын ичинен:

 

 

экономика жана бухгалтердик эсеп

6 469

6 908

каржы

3 544

3 03

менежмент

1 567

1 749

банк ишмердиги

1 278

1 276

салыктар жана салык салуу

1115

1 124

Финансы статистикасы бөлүмү                 |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;   |тел. + 996 (312)  664209

Эмгек жана иш менен камсыз кылуу
 статистикасы бөлүмү                                |e-mail: jailobaeva@stat.kg;            |тел. + 996 (312)  324724

Социалдык статистикасы бөлүмү             |e-mail: j.rahmava@stat.kg;             |тел. + 996 (312)   324652


Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү  метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 07.06.2023, 11:49