Цифралар жана фактылар: Илим күнү

Басылмалардын датасы: 06.11.2019


Кыргызстандын Илим күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 14-январындагы  токтому менен аныкталган жана жыл сайын 10-ноябрда белгиленет.

Республиканын илимий уюмдары өзүнө изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды аткаруучу өз алдынча түзүмдөрдү, ошондой эле жогорку кесиптик окуу жайлардын тийиштүү бөлүмдөрүн, өнөр жай ишканаларынын жана экономиканын башка тармактарынын уюмдарын камтыйт.

2018–жылы республикада 71 илимий уюм, анын ичинен 21 илимдин академиялык сектор уюму, 24 - өндүрүштүк сектор, 23 - жогорку билим берүү сектору жана 3 - башка уюмдар иш жүргүзгөн.

Аткарылган илимий-техникалык иштердин көлөмү боюнча эң чоң үлүш академиялык секторго туура келет, 2018-жылы жумуштун 59 пайызынан көбү анын уюмдары тарабынан аткарылган.

Илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды аткаруу менен иштеген адистердин саны, жогорку кесиптик окуу жайлардын илимий-педагогикалык кызматкерлерин кошкондо, 2018-жылы 5 миңден ашык адам болгон.

Илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды аткарган кызматкерлердин жалпы санынын 79% изилдөөчү-адистер түзөт, алардын дээрлик 40% илимдин докторлору жана кандидаттары болуп саналат.

Жалпысынан изилдөөчү-адистердин санынын гендердик катышы боюнча аялдар (55,7%) басымдуулук кылат, ал эми илимдин докторлорунун жана кандидаттарынын арасында аялдардын үлүшү тийиштүүлүгүнө жараша, 26% жана 52% түзөт.

Республиканын экономикасынын ар кайсы тармактарынын адистерине билим берүү деңгээлин, жогорку кесиптик билим берүүнүн базасында илимий жана педагогикалык квалификациясын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн аспирантура жана докторантура берет.

Аспиранттардын саны 2014-жылга салыштырмалуу дээрлик 20 пайызга көбөйгөн жана 2018-жылы 2,5 миң адамды түздү, ал эми докторанттардын саны 2014-жылга салыштырганда, тескерисинче, 146 адамды түзүү менен 12 пайызга төмөндөгөн. Аспирантурада окугандардын арасындагы аялдардын үлүшү 59 пайызга жакынын, ал эми докторантурада 62 пайызга жакынын  түздү.

_____________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү  e-mail: j.rahmanova@stat.kg e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, маалымат тармактарында, кагаз, электрондук жана башка алып жүрүүчүлөрдө жайылтууда колдонуучулар маалыматтардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (КР “Мамлекеттик статистика жөнүндө” мыйзамынын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 11.11.2019, 09:05