Цифралар жана фактылар: Мугалимдер күнү

Басылмалардын датасы: 05.10.2021


Жыл сайын 5-октябрда дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө Мугалимдер күнү белгиленет, ал Дүйнөлүк мугалимдер күнү катары 1994-жылы негизделген. Ушул күндү майрамдоо өсүп келе жаткан муундун билим алуусуна жана тарбиялоого кошкон салымы үчүн дүйнөнүн мугалимдерине сый-урмат жана ыраазычылык билдирүүнүн символу болуп калды.

2020-жылы республиканын иш менен камсыз болгон калкынын жалпы санынын 9 пайыздан ашыгы билим берүү чөйрөсүндө эмгектенет.

 Азыркы убакта Кыргызстанда мектепке чейинки, жалпы билим берүү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү 4 миңден ашык уюмдар иштейт, аларда 113 миңден ашык педагогдор 1,9 млн. тарбиялануучуларды, окуучуларды жана студенттерди тарбиялоону жана окутууну камсыз кылат.

 Эң кеңири тараган жана талап кылынган кесиптердин бири болуп педагогдун кесиби саналат, алардын олуттуу бөлүгүн мектеп мугалимдери түзөт. Кесиптик майрамга карата ыраазычылыктарды 82 миңден ашык жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери угушат, анын ичинен 24 миңи шаардык, 58 миңге жакыны айыл жерлериндеги мугалимдер.

2020/2021-окуу жылынын башында республикада 2 296 күндүзгү жалпы билим берүүчү уюмдар иштейт.

Мугалимдик кесип салттуу түрдө аялдардын кесиби катары эсептелет. Мектептерде эркек мугалимдерге караганда аял мугалимдер пайыз менен алганда кыйла жогору. Жалпы билим берүүчү мектептердеги мугалимдердин жалпы санынын 85 пайыздан ашыгын аялдар түзөт, алардын 8 пайызы директордун жана директордун орун басарынын кызматын ээлешет.

Педагогикалык курамдын кесиптик деңгээли жетишээрлик жогору. Мисалы, 2020/2021-окуу жылынын башында мугалимдердин жалпы санынын 87 пайыздан ашыгы жогорку билимдүү болгон.

Мектептерде мугалимдердин жүгүнүн деңгээли жогору бойдон калууда. Жалпы билим берүү уюмдарында бир мугалимге орточо 16 окуучу туура келет. Мында, шаардык жана айылдык мектептердин мугалимдеринин жүгү кыйла айырмаланат. Эгерде, шаарлардын мектептеринде бир мугалимге орточо 20 окуучу туура келсе, ал эми айылдардын мектептеринде - орточо 15 окуучу туура келет.

Республиканын жогорку кесиптик окуу жайларында ар бир алтынчы студент педагогикалык кесипти тандаган.

2020/2021-окуу жылында республикадагы бардык жогорку билим берүү жайлары 6 миңге жакын келечектеги педагогикалык кызматчыларды бүтүрүп чыгарышты.

_____________________________________________________________________

Социалдык статистика  e-mail: rakhmanovazz@mail.ru  бөлүмү e-mail: social-nsc@mail.ru   тел.+996(312) 664042


Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 05.10.2021, 08:59