Цифралар жана фактылар: Тынчтык жана өнүгүү үчүн спорт

Басылмалардын датасы: 05.04.2019


БУУнун Башкы Ассамблеясы 6-апрелди Тынчтык жана өнүгүү үчүн эл аралык спорт күнү деп жарыялаган.

Республиканын дене тарбиясынын өнүгүүсүнүн башталышы тээ 1925-жылдарга барып такалат, мында Кара-Кыргыз автономиялык облусунда Дене тарбия жана спорт кеңеши иштеп баштаган.

Ал эми 1927-жылдын июнь айында жеңил атлетика, ок атуу, футбол жана баскетбол боюнча спорттук мелдештерди өткөрүү менен алгачкы дене тарбия жана спорт майрамы өткөрүлгөн.

1936-жылдын июль айында Кыргыз ССРинде Дене тарбия иштери боюнча республикалык комитет, ал эми 1991-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитети түзүлгөн.

Азыркы учурда республикада, отчет берген чарба жүргүзүүчү субъекттердин маалыматы боюнча, 8 миңге жакын спорт аянтчалары жана талаалары, 22 стадион, 21 сууда сүзүү бассейни, 1,5 миңге жакын спорт зал, 6 лыжа базасы, 64 дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси, 54 ок атуучу жай жана 200дөн ашык башка спорт объекттери иш жүргүзөт.

2018-жылы спорттук секцияларда, тайпаларда жана командаларда 192 миңден ашык адам ойногон, анын 84%ын балдар жана мектеп курагындагы өспүрүмдөр түзөт.

_________________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү     e-mail: j.rahmanova@stat.kg

                                                        e-mail: social-nsc@mail.ru     тел. + 996 (312) 664042   

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 10.04.2019, 10:38