Кыргызстандын банк кызматкерлеринин күнү: сандар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 10.05.2022


1993-жылдын 10-майында Кыргызстанда өзүнүн улуттук валютасы - кыргыз сому пайда болгон. Дал ошол күн кийин банк тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары түзүлгөн.

Азыркы убакта республиканын банк тутумунда Кыргыз Республиканын Улуттук банкы жана 23 коммерциялык банк, алардын 16сы - чет өлкөлүк капиталдын катышуусу менен иш жүргүзөт. Республиканын региондорунда алардын 316 филиалы иш алып барат..

Банк тармагында 17 миңге жакын жумушчулар иштейт, ал эми банктардын кардарларынын эсептеринин саны 5 миллионго жетти. 2021-жылы финансылык ортомчулук чөйрөсүндөгү кызматкерлердин орточо айлык эмгек акысы мурунку жылдын деңгээлинен 9,4% көбөйүү менен 42 миңге жакын сомду түздү.

2021-жылы коммерциялык банктардын кирешелери мурунку жылдын көлөмүнө салыштырмалуу 10,5% көбөйүп, 36 млрд. сомду түздү.

2021-жылдын жыйынтыктары боюнча 20 банк пайда алышты, ал эми үч банк чыгым тартты. Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык 2020-жылдын деңгээлинен 1,6 эсеге ашып, 4 млрд. сом пайданы түздү.

2021-жылдын аягына карата коммерциялык банктардын суммардык активдери бир жылдын ичинде 24% көбөйүп, 358 млрд. сомду түздү.

2021-жылдын аягына карата коммерциялык банктардын ачык кредиттик портфели 180 млрд. сомду ашып жана 2020-жылдагы анын көлөмүнө салыштырмалуу 11% көбөйдү. Кредиттөөнүн негизги багыттары болуп соода чөйрөсү, айыл чарба, керектөө муктаждыктары жана ипотека саналган.

2021-жылы жеке жактардын депозиттерине (чыгып кетүү агымын эсепке алуу менен) банктар тарабынан 17 млрд. ашык сом тартылды, бул 2020-жылдагы алардын көлөмүнөн төрттөн бирине көп. Калктын салымдарынын калдыктарынын суммасы 2021-жылдын аягына карата 120 млрд. сом көлөмүндө түзүлдү жана суммардык активдеринин үчтөн бирине көбүн түзүп, өткөн жылы 17% көбөйдү.

__________________________________________________________

Каржы статистикасы бөлүмү |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg; |тел. + 996 (312)  626073,625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

2022-жылдын 10 майы


Акыркы жаңылоо: 10.05.2022, 13:27