Медицина кызматкерлеринин күнү: сандар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 01.07.2022


Жыл сайын, июль айынын биринчи жекшембисинде, республиканын медициналык уюмдарынын кызматкерлери медицина кызматкерлеринин күнүн белгилешет.

2021-жылы калкка медициналык жардамды 177 оорукана уюмдары, баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү 40 уюм, эки медициналык тез (ыкчам) жардам көрсөтүү боюнча өз алдынча станциялар жана бир миңден ашык фельдшердик-акушердик пункттар көрсөтүштү. Аймактык ооруканалардын жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунун 62 жалпы медициналык практика борбору иштеген, ал эми анын ичинде 155 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштеди.

2021-жылы калкка медициналык-санитардык жардамды 14 миңден ашык дарыгерлер жана 34 миңден ашык медайымдар көрсөтүшкөн. Республиканын 10 миң калкына 21 дарыгер жана 51 медайым туура келген.

2021-жылы дарыгерлердин жана орто медициналык персоналдын саны

(калктын 10 000ине)

2021-жылы дарыгерлердин арасындагы кеңири жайылган кесиптик адистер болуп, терапевттик (4,7 миң адам) жана хирургиялык (2,4 миң) профиль боюнча, стоматологдор (тиш дарыгери) (1,2 миң), акушер-гинекологдор (1,0 миң) жана педиатрия профилиндеги дарыгерлер (500 дөн ашык адам) болгон. 

Саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин орточо айлык маянасы 2022-жылдын январь-апрелинде 15 697 сомду (кичи ишканаларды кошпогондо) түзүп,  пайыздык салыштырууда 46 пайызга өстү .

____________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 32 46 52, 66 40 42.

Эмгек жана иш менен камсыз кылуу статистикасы бөлүмү  | e-mail: jailobaeva@stat.kg;    | тел. + 996 (312)  626076

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 04.07.2022, 09:00