Мугалимдер күнү: ар бир жетинчи студент педагогдук кесипти тандайт

Басылмалардын датасы: 03.10.2020


Жыл сайын 5-октябрда дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө Мугалимдер күнү белгиленет, ал Дүйнөлүк мугалимдер күнү катары 1994-жылы негизделген. Ушул күндү майрамдоо өсүп келе жаткан муундун билим алуусуна жана тарбиялоого кошкон салымы үчүн дүйнөнүн мугалимдерине сый-урмат жана ыраазычылык билдирүүнүн символу болуп калды.

2019-жылы республиканын иш менен камсыз болгон калкынын жалпы санынын 9 пайызга жакыны билим берүү чөйрөсүндө эмгектенген.

 Азыркы убакта Кыргызстанда мектепке чейинки, жалпы билим берүү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү 4 миңден ашык уюмдар иштейт, аларда 110 миңге жакын педагогдор 1,8 млн. тарбиялануучуларды, окуучуларды жана студенттерди тарбиялоону жана окутууну камсыз кылат.

 Эң кеңири тараган жана талап кылынган кесиптердин бири болуп педагогдун кесиби эсептелет, алардын олуттуу бөлүгүн мектеп мугалимдери түзөт. Кесиптик майрамга карата ыраазычылыктарды 78 миңден ашык жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери угушат, анын ичинен 23 миңи шаардык, 55 миңден ашыгы айыл жерлериндеги мугалимдер.

2019/2020-окуу жылынын башына карата республикада 2 283 күндүзгү жалпы билим берүүчү уюмдар иштеген.

Мугалимдик кесип салттуу түрдө аялдардын кесиби катары эсептелет. Мектептерде эркек мугалимдерге караганда аял мугалимдер пайыз менен алганда кыйла жогору. Жалпы билим берүүчү мектептердеги мугалимдердин жалпы санынын 85 пайызын аялдар түзөт, алардын 9 пайызга жакыны директордун жана директордун орун басарынын кызматын ээлешет.

Педагогикалык курамдын кесиптик деңгээли жетишээрлик жогору. Мисалы, 2019/2020-окуу жылынын башына карата мугалимдердин жалпы санынын 87 пайыздан ашыгынын жогорку билимдери бар болгон.

Мектептерде мугалимдердин жүгүнүн деңгээли жогору бойдон калууда. Жалпы билим берүү уюмдарында бир мугалимге орточо 17 окуучу туура келет. Мында, шаардык жана айылдык мектептердин мугалимдеринин жүгү кыйла айырмаланат. Эгерде, шаарлардын мектептеринде бир мугалимге орточо 20 окуучу туура келсе, ал эми айылдардын мектептеринде - орточо 15 окуучу туура келет.

Республиканын жогорку кесиптик окуу жайларында ар бир жетинчи студент педагогдук кесипти тандаган.

2019/2020-окуу жылында республикадагы бардык жогорку билим берүү жайлары тарабынан 4 миңден ашык келечектеги педагогикалык кызматчылар бүтүп чыгышты.

 

 

_____________________________________________________________________

Социалдык статистика            e-mail: rakhmanovazz@mail.ru

бөлүмү                                       e-mail: social-nsc@mail.ru              тел.+996(312) 664042

 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 03.10.2020, 15:05