Билим күнү: сандар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 30.08.2017


                Республикада жыл сайын белгиленүүчү билим күнү, калыптанган салты боюнча анын тарыхына жана маданиятына арналат.

                Чыгымдарга, билим берүүгө багытталган республикалык мамлекеттик бюджеттин чыгымдарынын үлүшү бир кыйла болот жана өткөн беш жылда орточо эсеп  менен 21 ден 23 пайызга чейин түздү.

                Маанилүү фактор болуп балдарды мектепке даярдоо, мектепке чейин окутуу болуп саналат. Акыркы жылдары мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын инфраструктурасын өнүктүрүү жана мектепке чейинки программаларды өнүктүрүү иновацияларын ишке киргизүү боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасында, алардын саны туруктуу көбөйдү. Республикадагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы балдардын саны 2012-ж. менен салыштырганда 1,6 эсеге көбөйдү жана 2016-ж. 173 миңден ашык адамды түзгөн.

                Ошону менен бирге, мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарына барган, 7 жашка чейинки курактагы балдардын санынын туруктуу көбөйүшүнө карабастан, алардын үлүшү мурдагыдай эле төмөн бойдон калууда жана азыркы учурда республика боюнча орточо 22 пайызды түзөт.

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына балдарды тартуу

(тийиштүү курактык тобуна 1-6 жаш, пайыз менен)

                 

Республикадагы билим берүү системасынын негизги звеносу болуп мектептик билим берүү саналат, ал өзүнө үч баскычты камтыйт: башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто (толук) жалпы билим берүү.

Республикада 2016/2017-окуу жылынын башында 2236 күндүзгү жалпы билим берүүчү уюмдары иштейт. Акыркы беш жыл ичинде алардагы окуучулардын саны 16 пайызга көбөйгөн жана 1175,8 миң адамды түздү, алардын арасында 579,0 миңи кыздар жана 596,8 миңи балдар.

2016/2017-окуу жылында 140 миң окуучу биринчи класска кабыл алынган, бул 2012/2013 окуу жылына салыштырганда 27 пайыздан көп.

Бирок, жаңы мектеп имараттарынын курулушу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, окуучулук орундардын санынын көбөйүшүнө  жана көпчүлүк окуучулар  үчүн окуу шарттарын жакшыртууга олуттуу таасирин тийгизе албаган. Сабактар мамлекеттик уюмдарда мурдагыдай эле бир нече кезмет менен жүргүзүлөт, анын үстүнө анда сабактар эки кезметте жүргүзүлүүчү жалпы билим берүүчү уюмдары алардын арасында басымдуулук кылат. Окуучулардын саны 2016-ж. биринчи кезметте окугандар жалпы окуучулардын санынан 61 пайызды, ал эми экинчи кезметте - 37 пайызды түзгөн.

2016-ж. республикада 101 башталгыч кесиптик билим берүү уюму иштеген, аларда окугандар 30 миңден ашык окуучу. Жыл сайын мындай уюмдарда 5 миңден ашык окуучулар кесиптик билим алуу менен бирге, толук орто билими тууралуу аттестат алышат. Бүтүрүүчүлөргө башталгыч кесиптик билим берүү уюмдары, кесиби боюнча квалификация ыйгарылат. Көбүнчө бул, электромонтажниктер, автомеханиктер, электр газ менен ширетүүчүлөр, кийим тигүүчүлөр, айдоочулар, слесарлар, жыгач усталар, ашпозчулар, бухгалтерлер, улуттук буюмдарды даярдоочулар ж. б., ушуларга карата суроо-талап акыркы жылдары көбөйдү. Жалпысынан 2016-ж. кесиптик лицейлерди (окуу жайларды) окуп бүтүргөн квалификациялуу жумушчулардын саны, 2012-ж. салыштырмалуу 2,4 пайызга азайган.

2016-ж. республиканын аймагында 139 орто кесиптик билим берүү уюмдары болгон, мында 90 миңден ашык студенттер окушат (83 миң ашык- 2012-ж.).

Студенттердин санынын көбөйүшү(8,6 пайыз) жана республиканын региондорунда жана борборлорунда орто кесиптик билим берүү уюмдарынын тармагын кеңейүүсү, мамлекеттик жана жеке менчик билим берүү уюмдарынын ачылусунан улам болду. 2016/2017-окуу жылында эң белгилүү адистик болуп саламаттык сактоо, экономика жана башкаруу, ошондой эле билим берүү адистиги эсептелген.

Жогорку билим берүү системасын оптималдаштыруу максатында реформалоо республикадагы жогорку кесиптик окуу жайларынын тармагын жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдардын жана алардын филиалдарынын санын кыскартууну шарттады. 2016/2017-окуу жылынын башына республикадагы жогорку кесиптик билим берүү 50 башкы жогорку окуу жайларынын тармагын өзүнө камтыйт (2012/2013-окуу жылында 54 окуу жай). Буларда окугандардын саны 175 миң ашык студенттерди түзгөн, 2012/2013-окуу жылынын башына салыштырганда дээрлик төрттөн бир бөлүгүнө азайган.

Студенттердин саны, билим берүү уюмдарынын орто жана жогорку кесиптик билим берүү багытында

(окуу жылынын башына карата)

 


Акыркы жаңылоо: 30.08.2017, 16:42