Билим күнү: сандар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 15.09.2021


Быйыл Кыргызстанда Билим күнү 15-сентябрда белгиленди.

Республиканын мамлекеттик бюджетинин чыгашаларынын көлөмүндө билим берүүгө жумшалуучу чыгымдардын үлүшү бир кыйла маанилүү болуп саналат жана өткөн беш жылда орточо 23% түздү.

Балдарды мектепке даярдоодо эң маанилүү фактор болуп мектепке чейинки окутуу саналат. Республиканын мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы балдардын саны 2016-жылга салыштырганда 13% көбөйдү жана 2020-жылы 196 миңден ашты. Ошол эле учурда 2020-жылы мектепке чейинки уюмдарга барган балдардын үлүшү 22% түзгөн, ал эми 2019-жылы ал 25% ашык болгон. Мындай төмөндөө республиканын билим берүү уюмдарында коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөө чараларын киргизүү менен шартталган.

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барган балдардын үлүшү
 (1-6 жаштагы балдардын тиешелүү курактык тобуна карата пайыз менен)

2020/2021-окуу жылынын башталышында республикада 2 296 күндүзгү жалпы билим берүү уюмдары иштеген. Акыркы беш жылда окуучулардын саны 19% көбөйгөн жана 1,4 млн.адамды түзгөн, алардын ичинде 49% - кыздар жана 51% - балдар.

2020/2021-окуу жылында биринчи класска 150 миңден ашык окуучу кабыл алынган, бул 2016/2017-окуу жылына салыштырмалуу 7% көп.

Күндүзгү жалпы билим берүү уюмдарынын жана алардагы окуучулардын саны

2020-жылы республикада 99 билим берүүчү баштапкы кесиптик билим берүү уюму иштеп, аларда 32 миңден ашык окуучу окуган. Жыл сайын мындай уюмдардын 10 миңге жакын окуучусу кесип алуу менен бирге толук орто билими тууралуу аттестат алышат. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө кесиби боюнча квалификация ыйгарылат. Алар негизинен, акыркы жылдары ушул кесиптерге карата суроо-талап көбөйгөн электромонтажниктер, автомеханиктер, электр газ менен ширетүүчүлөр, кийим тигүүчүлөр, айдоочулар, слесарлар, жыгач усталар, ашпозчулар, бухгалтерлер, улуттук буюмдарды даярдоочулар жана башкалар. Жалпысынан алганда, 2020-жылы кесиптик лицейлерди (окуу жайларды) аяктаган квалификациалуу жумушчулардын саны, 2016-жылдын деңгээлинде сакталуу менен 25 миңге жакын адамды түздү.

 2020-жылы республиканын аймагында 138 орто кесиптик билим берүү уюмдары иш алып барды жана аларда 95 миңден ашык (2016-жылы – 90 миңден ашык) студенттер билим алууда. 2020/2021-окуу жылында көбүрөөк белгилүү болгон адистиктер: саламаттык сактоо, билим берүү, ошондой эле экономика жана башкаруу болуп саналды.

2020/2021-окуу жылынын башында республикада жогорку кесиптик билим берүү боюнча 57 башкы жогорку окуу жайлардын (2016/2017-окуу жылында - 50 ЖОЖ) тармагынан турат. Аларда окуган студенттердин саны, 2016/2017-окуу жылынын башына салыштырмалуу 22% көбөйүү менен 214 миңден ашык адамды түздү.

______________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 16.09.2021, 10:17