Эл жана турак жай фондун каттоо эмне үчүн керек?

Басылмалардын датасы: 11.02.2020


Эл жана турак жай фондун каттоосундагы маалыматтар ким менен жана кандай чогултулат, респонденттер кандай суроолорго жооп берет жана каттоону жүргүзүүгө ким жоопту? Ушул жана башка суроолоруңуздарга 2020-жылы 23-марттан 1-апрелге чейин өтө турган Кыргыз Республикасынын эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндөгү бул видео-тасмадан жооп таба аласыздар.

Эскерте кетсек, эл каттоо - бүткүл улуттук иш-чара болуп саналат, анын жүрүшүндө калктын расмий санын эсепке алуу менен социалдык, демографиялык жана экономикалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалымат чогултулат.

 

Каттоонун жыйынтыктары демографиялык жана социалдык саясатты, ошондой эле өлкөнүн жана анын региондорунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдоолорун жана программаларын иштеп чыгуу үчүн кеңири колдонулат. Эл каттоо коомдун, экономиканын, социалдык чөйрөнүн абалы жөнүндө билүүгө мүмкүндүк бере турган жана ар кандай көөгөйлөрдү натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк бере турган ыкчам портрет болуп саналат.

Эл жана турак жай фондун каттоого байланышту ар кандай суроолоруңузду Улуттук статистика комитетинин Статистикалык каттоолор бөлүмүнүн адистерине бере аласыздар.

Тел: +996(312) 325336

 

Маалыматык кампания «КЫРГЫЗСТАТ: Россия Федерациясынын финансылык колдоосунун алдында калкту конуш жаатындагы БУУнун Фонду тарабынан ишке ашырыла турган калктын статистикасын жүргүзүү, талдоо жана жайылтуу үчүн Кыргыз Республикасынын улуттук статистикасын чындоо” долбоорунун алкагында түзүлгөн жана колдоого алынган.

****

Кыргыз Республикасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы өлкөнүн маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы катары, рынок экономикасынын заманбап талаптарына жооп берет. Мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту өлкөнүн социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы тууралуу зарыл болгон маалыматтар менен камсыздайт.

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында, илимий иштерде, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчү жабдыктарда таратууда колдонуучулар анын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (Мамлекеттик статистика жөнүндөгү мыйзамдын 17-беренеси).

Эл жана турак жай фондун каттоо эмне үчүн керек?

Толук маалымат жана интервью үчүн кайрылыңыздар:

КР Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747

e-mail: smi_nsc@stat.kg,

Дарек: Фрунзе көчөсү 374 (Тоголок Молдо көчөсү менен кесилишет).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Улутстатком Фейсбукта |

тел.625747 |

 


Акыркы жаңылоо: 11.02.2020, 14:47