Мектепке чейинки билим берүү уюмдары: суроо-талап сунуштардан ашып түшөт

Басылмалардын датасы: 25.09.2020


Кыргыз Республикасында коомду өнүктүрүүнүн башкы артыкчылыктуу багыттарынын бири билим берүү бойдон калууда. Акыркы беш жылдын ичинде республиканын мамлекеттик бюджетинин чыгашаларында билим берүүгө багытталган чыгымдардын үлүшү орточо 22 пайыздан 24 пайызга чейинкини түзүү менен олуттуу түрдө көп болгон.

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына токтолсок, анда 2019-жылы аларды кармоого мамлекеттик бюджеттен 5,8 миллиард сом, же билим берүүгө жалпы мамлекеттик чыгымдардын колөмүнүн 15 пайызга жакыны бөлүнгөн. Ушул эле учурда, каражаттардын 61% га жакыны мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысына жана 24% дан ашыгы - тамак-ашка жумшалган.

Мектепке чейинки уюмдардын курулушу активдешти. 2019-жылы республикада 3 миң орундуу мектепке чейинки 50 уюм ишке киргизилди, бул 2015-жылга салыштырмалуу 1,8 эсеге көп. Мындай объектилердин ишке киргизилиши, Бишкек шаарынан башка, бардык аймактарда белгиленди.

Акыркы жылдары мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын инфраструктурасын сактоо жана иш-аракеттерин финансылык жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында, мектепке чейинки уюмдардын санынын, ошондой эле алардагы балдардын санынын да көбөйүү тенденциясы камсыздалды.

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын саны жана андагы балдардын саны

Акыркы өткөн беш жылдын ичинде мектепке чейинки уюмдардын саны 36 пайызга өстү. 2019-жылдын аягында республикада 1,6 миң мектепке чейинки билим берүү уюмдары иштеди, аларда тиешелүү курактагы балдардын жалпы санынын 25% дан ашыгы тарбияланган. 2019-жылы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 208 миңге жакын бала болгон, алардын саны 2015-жылга салыштырмалуу 29% га көбөйгөн.

2019-жылы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жалпы санынын 87 пайызга жакыны мамлекеттик менчик формасы менен болгон уюмдарга туура келген. Алардагы балдардын саны 2015-жылга салыштырмалуу 1,3 эсеге көбөйдү жана 196 миң адамга жетти.

Бир эле убакта, жеке менчик формасы менен мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын санынын олуттуу (2,1 эсеге) өскөнү белгиленди, анда балдардын саны 2015-жылга салыштырмалуу 2,1 эсеге өстү жана дээрлик 12 миң адамды түздү.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине болгон муктаждыктын өсүшү уланууда, жыйынтыгында, бул алар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын сапатына таасири тиет.

2019-жылы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде эсептелген 100 орунга  республика боюнча орточо 123 бала туура келсе, ушул эле учурда Бишкек шаарында - 177, Ош шаарында - 161 жана Ысык-Көл облусунда - 131 бала туура келген.

Балдардын жалпы санынын жарымынан көбү (110 миңи, же 53 пайызы) айыл жеринде жайгашкан мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барышкан, андагы эсептелген 100 орунга орточо 106 бала  туура келген.

Шаар жерлериндеги абал башкача түзүлгөн, анда айыл жерлерине караганда мектепке чейинки билим берүү уюмдары тарабынан балдардын камтылышы жогорулугуна  карабастан, 100 орунга орто эсеп менен 151 бала туура келген.

Республикалык орточо көрсөткүчтүн көбүрөөк жогорулоосу Талас облусунда байкалды, мында шаар жерлеринде 100 орунга эсептелген балдардын саны айыл жерлериндеги ушул эле көрсөткүчтөн 2,2 эсеге, Нарын облусунда - 1,7 эсеге жана Ысык-Көл облусунда - 1,4 эсеге ашты.

2019-жылы орточо алганда республика боюнча бир тарбиячыга 25 бала туура келген, ушул эле учурда Ош ш. - 41 бала, Чүй облусунда - 31 бала жана Бишкек шаарында - 30 бала туура келген.

2019-жылдын аягында республиканын мектепке чейинки уюмдарынын ишин 13 миңден ашык педагогдор, алардын арасында башчылар, методисттер, тарбиячылар, музыкалык жетекчилер, дефектологдор, логопед-мугалимдер жана башка педагогдор камсыздашты, бул 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге көп. Алардын 66 пайыздан ашыгы жогорку билимдүү, ал эми 27 пайыздан ашыгы орто кесиптик билимине ээ болгон. 

 

__________________________________________________________________

Социалдык статистика       e-mail: rakhmanovazz@mail.ru 

бөлүмү                                 e-mail: social-nsc@mail.ru     тел. + 996 (312) 324650, 664166

 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 25.09.2020, 15:49