Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин Кыргыз Республикасы менен болгон эспорттук жана импорттук кызмат көрсөтүүсү

Басылмалардын датасы: 06.06.2019


2018-жылы Евразия экономикалык бирлигинин мүчө өлкөлөрү менен Кыргыз Республикасы кызмат көрсөтүү тышкы соода жүгүртүүсүн талдоодо,  жалпысынан 972,9 млн.АКШ долларын түздү жана 2017-жылга салыштырганда 4,4 пайызга кыскарган.

            ЕАЭБнын мүчө өлкөлөрүнө эскпорттук кызмат көрсөтүүсү 429,6 млн. АКШ долларын түздү, (кызмат көрсөтүүнүн жалпы экспорттук көлөмүнөн 51,8 пайызын түздү) жана 2017-жылга салыштырганда 18,9 пайызга кыскарган. 

            ЕАЭБнын мүчө өлкөлөрүнүн импорттук кызмат көрсөтүүсү 543,3 млн. АКШ долларын түздү, (кызмат көрсөтүүнүн жалпы импорттук көлөмүнөн 56,4 пайызын түздү) жана 2017-жылга салыштырганда 11,4 пайызга жогорулаган.

            ЕАЭБнын мүчө өлкөлөрүнө эскпорттук кызмат көрсөтүүнүн жалпы көлөмүнүн негизин үлүшүн туризм жана саякат боюнча кызматы боюнча (48,9 пайызы) туура келет жана наркы 210,2 млн.долларын түзгөн. ал эми 2017-жылга салыштырганда 23,3 пайызга азайган.

            Экспорттук жалпы кызмат көрсөтүү көлөмүндө транспорттук кызмат көрсөтүүлөр 31,8 пайызын же 136,6 млн. долларын түздү. 2017-жылга салыштырганда 2,5 пайызга кыскарган.

ЕАЭБнын мүчө өлкөлөрдөн кызмат көрсөтүүлөрүн импортунун олуттуу нерсеси, импорттун жалпы көлөмүндө транспорттук жалпы кызмат көрсөтүү 51,6 пайызын же 280,2 млн.долларын түзгөн, нарк көлөмү 2017-жылга салыштырганда 15,9 пайызга жогорулаган.

Импорттук кызмат көрсөтүүдө экинчи маанилүү нерсе, ЕАЭБнын мүчө өлкөлөрдөн кызмат көрсөтүүдө бул туризм жана саякат кызматы 38,1 пайызды же 206,9 млн.долларын түзгөн. 2017-жылга салыштырганда мындай кызматтык көлөм 12,5 пайызга жогорулаган.

Импорттук кызмат көрсөтүүдө мындай ыкчам өсүү лизингге (19,0 пайыз), кабыл алуу-бөлүштүрүү кызмат көрсөтүүлөр жогорулап, пайдалануу үчүн интелектуалдык менчик төлөм (18,8 пайызы), башка ишкердик кызмат (18,1 пайыз), ремонт жана кармоо үчүн кызмат көрсөтүү (16,6 пайыз) түздү.

_________________________________________________________________________________

Тышкы соода статистика бөлүмү

Соода, маалыматтык-коммуникациялык,

технологиялар жана туризм башкармалыгы |e-mail: gsulaimanova@stat.kg;     |тел. + 996 (312)  32 47 26

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 06.06.2019, 11:15