Экономиканын энергия сыйымдуулугу жана электр кубаттуулугу

Басылмалардын датасы: 06.01.2021


Улуттук экономиканын энергетикалык натыйжалуулугун аныктоочу эң маанилүү параметрлердин бири болуп ички дүң продуктунун энергиялык сыйымдуулугу жана калктын киши башына энергиянын керектөөсү саналат. 

ИДПнын энергиялык сыйымдуулугу - бул ИДПнын көлөмүнө карата жалпы энергия керектөөсүнүн катышы катары аныкталат. 

2019-жылы учурдагы рыноктук бааларда ИДПнын  энергиялык сыйымдуулугу бир млн. сомго 21,6 тонна шарттуу отунду түздү жана 2015-жылга салыштырмалуу бир млн. сомго 5,1 тонна шарттуу отунга төмөндөдү.  2019-жылы калктын киши башына энергиянын сарпталышы бир миң адамга 2,2  тонна шарттуу отунду түздү  жана бир миң адамга 0,2 тонна шарттуу отунга өстү. 

ИДПнын энергия сыйымдуулугунун өзгөрүүсү

  2019-жылы учурдагы рыноктук бааларда ИДПнын электр кубаттуулугу бир млн. сомго 24,4 миң киловатт-саат туура келген жана 2015-жылга салыштырмалуу бир млн. сомго 7,1 миң киловатт-саатка төмөндөгөн.

ИДПнын электр кубаттуулугунун өзгөрүүсү

 

____________________________________________________________________________________________________

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел. + 996 (312) 324695; 325351

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 06.01.2021, 13:30