ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери менен өз ара соода жүргүзүүнүн статистикалык көрсөткүчтөрүн тариздөө

Басылмалардын датасы: 30.05.2017


Бүгүн, 30 майда, Улутстаткомдо пресс-конференция болуп өттү. Мында ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери менен өз ара соода жүргүзүүнүн статистикалык көрсөткүчтөрүн тариздөө маселелери талкууланды.

Азия Өнүктүрүү Банкынын Техникалык жардам долбоорунун консультанты Р. Плесовских маалымдагандай ЕАЭБге Кыргыз Республикасынын кошулушу менен бирге  ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин чек араларынан өткөн товарлардын документтерин тариздөөнүн жана текшерүүнүн салыктык, статистикалык жана башка тутумдарын жаратуу керек болгон, себеби бажылык декларация сыяктуу көлөмдүү маалымат булагы жок болуп калган. Ушул жагдай боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Токтому менен Улутстатком товарлар менен өз ара жана тышкы соода жүргүзүүнүн статистикасын алып барууга, тышкы соода боюнча мамлекеттин маалыматтарын тариздөөгө, Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруучу жана аткаруу бийликтерине, Евразиялык экономикалык комиссиясына жана расмий статистикалык маалыматтарды   пайдаланган башка кардарларга белгиленген мөөнөттөрдө камсыздап туруучу ыйгарым укукка ээ орган катары белгиленген.   

Мамлекеттин тышкы чек араларында үчүнчү тараптар менен соода жүргүзүүдөгү маалыматтардын булагы болуп ар дайым бажылык статистика эсептелген. Бажылык статистика өз ара соода статистикасы сыяктуу эле тышкы сооданын динамикасын, түзүмдөрүн, негизги тенденцияларын талдоодо; тышкы экономикалык ишмердүүлүктү тарифтик жана тарифтик эмес жолдор менен жөнгө салуунун натыйжаларын колдонууда;   тышкы экономикалык саясаттагы чечимдерди иштеп чыгуу, кабыл алууда;  ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин бюджеттерине бажылык төлөмдөрдүн түшүүсүн контролдоодо; төлөмдүк баланстын жана улуттук эсептер системасын иштеп чыгууда маалыматтарды толук эсепке алууну камсыздайт.

Баяндоочу айткандай товарлар менен экспорттук-импорттук операцияларды жүргүзгөн чарбакер субъекттерди толук камтуу максатында административдик ведомстволор менен   өз ара иштешүүнү Улутстатком камсыздап турат. Ушул максатта Мамлекеттик салык кызматы, Мамлекеттик катто кызматы, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, Транспорт жана жол министрлиги менен өз ара маалымат алмашуу жаатында келишимдер түзүлгөн. Андан сырткары финансы статистикасы, соода жана өндүрүш статистикасынын формалары менен отчет беришкен ишканалардын маалыматтары да камтылган. ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери менен соода жүргүзүүнүн көрсөткүчтөрүн салыштыруу иш чаралары туруктуу түрдө жолго коюлган.

Соода статистикасы башкармалыгынын начальниги В. Мамбеталиева конференциянын катышуучуларына чек арадагы сооданы эсепке алуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берди. Азыркы учурда бул иш чаралар №1 - өз ара соода (айлык) “ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери менен соода жүргүзүүнүн отчету” формасын пайдалануунун негизинде ишке ашып жатат. Бул форма боюнча отчетту   ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринде товар ташып (же алып) соода жүргүзгөн юридикалык жактар жана (же) алардын түзүмдүк бөлүмдөрү, физикалык жактар, жеке ишкерлер, ошондой эле дыйкан чарбалары  тапшырышат.

ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринде өз ара соода жүргүзүүдө баштапкы маалымат катары Казакстан Республикасы менен чектешкен жерлердеги товарлардын агымын бир убакта тандап изилдөөдөн түшкөн маалыматтар түзөт. Бул изилдөөлөр мамлекеттик статистиканын райондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан ай сайын жүргүзүлүп турат (7 күн бир айда). Изилдөө жүргүзүүнүн графиги Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы менен алдын ала макулдашылат. 

 

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 01.06.2017, 14:20