Жарандык авиация күнү: цифралар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 09.10.2020


Жыл сайын октябрь айында жарандык авиация Күнү белгиленет.

Бүгүнкү күндө жарандык авиация өндүрүштүк жана социалдык   инфратүзүмүнүн маанилүү курамдык бөлүгү, анын натыйжалуу жана туруктуу өнүгүшү жана иштеши улуттук коопсуздукту, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуунун зарыл шарты болуп саналат.
Аба транспорту Улуу Ата-мекендик согуштан кийин өнүгүп, жүргүнчүлөрдү ташуу көрүнүшү регулярдык тартипте иштей баштаган.

Кыргызстандын транспорт ишканаларынын эң олуттууларынын бири “Манас Эл аралык аэропорт” ачык акционердик коому болуп саналат, анын курамына  “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол” жана “Баткен” аэропорттору кирет. Калган аэропорттор – “Жалал-Абад”, “Исфана”, “Караван”, “Казарман”, “Нарын” жана “Талас” аэропорттору ички аба жолдору боюнча регионалдык каттамдарды ишке ашырат.

2019-жылы жүргүнчүлөрдү улуттук авиа аркылуу ташуулардын көлөмү бир миллиондон ашуун жүргүнчүлөрдү түздү, алардын ичинен 48 пайызга жакынын – эл аралык жана 53 пайызын – ички ташуулар түздү. Аба транспортунун жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча жүгүртүүсү 2 млрд. ашык жүргүнчү-километрди түзөт.  

Авиа жолдору аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуудан түшкөн кирешелер 10,1 млрд. сомду, анын 80 пайыздан ашууну эл аралык ташуулар түзсө, 20 пайызга жакынын -  ички ташуулар камсыздады.

Соңку беш жылда эл аралык авиа жолдорунда жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйдү. 2015-жылы 3 млн. жакын жүргүнчү тейленген болсо, 2019-жылдын жыйынтыктары боюнча жүргүнчүлөрдүн агымы 3,6 млн. адамга жетти, бул дээрлик 17 пайызга көп. 

2019–жылдын аягында аба паркында 13 аба судалары катталган.

Азыркы учурда жүргүнчүлөрдү ички жана эл аралык авиа жолдору аркылуу ташууну мекенибиздин ”Эйр Манас”, “Avia Traffic Company” жана ”TEZ JET” авиакомпаниялары камсыздап келүүдө.  

2019–жылы аба транспорт ишмердик чөйрөсүндө кызматчылардын орточо жылдык саны 1,3 миң адамды түздү.  

 

____________________________________________________________________________ 

СМКТ жана туризм башкармалыгы, керектөө рыногу статистикасы бөлүмү

|e-mail:vmambetalieva@stat.kg |тел. + 996 (312) 324725

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 09.10.2020, 12:41