Республиканын чарбаларында айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп-жыйноо иштеринин темпи күчөдү

Басылмалардын датасы: 09.08.2019


Республикада негизги айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп-жыйноо темпи күчөдү. Үстүбүздөгү жылдын 23-июлуна карата абалы боюнча 214,5 миң гектардан дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречка кошулган жок) жыйналды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 6,0 пайызга көп, жана 548,2 миң тонна же 6,6 пайызга көбүрөөк дан бастырылды.

2019-жылдын 23-июлуна карата айыл чарба өсүмдүктөрүн түшүмүн жыйналышы.

 

Иш жүзүндө

Өткөн жылдын тийиштү күнүнө карата

 

2018

2019

+, -

пайыз менен

Жыйналган дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрү , күрүч жана гречиха), миң га

202,3

214,5

12,2

106,0

бастырылган дан - бардыгы (алгачкы кабыл алынган салмакта) (дан өсүмдүктөрү , күрүч жана гречихасыз), миң т

514,2

548,2

34,0

106,6

1 гектардан, ц

25,4

25,6

0,2

100,8

бпстырылган буудай (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т

302,0

300,9

-1,1

99,6

бастырылган арпа (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т

211,3

246,3

35,0

116,5

Казылган картошка аянты, миң га

8,5

8,6

0,1

101,8

Жыйналган картошка, миң т

133,5

137,8

4,3

103,3

Жыйналган жашылча  өсүмдүктөрү , миң т

240,7

253,6

12,9

105,3

Жыйналган бакча өсүмдүктөрү миң т

102,8

108,7

5,9

105,8

Жыйналган мөмө-жемиш өсүмдүктөрү миң т

57,8

56,5

-1,3

97,7

Өткөн жылдын ушул күнү менен салыштырмалуу  арпанын дүң  жыйымы (16,5 пыйызга),  бакча өсүмдүктөрү (5,8 пайызга), жашылча  өсүмдүктөрү (5,3 пайызга) жана  кортошка 3,3 пайызга) өскөн.

 

______________________________________________________________________

Айыл чарба статистикасы бөлүмү     | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 09.08.2019, 12:38