Улутстаткомдун статистикалык изилдөөлөр жана квалификациясын жогорулатуу институту бир катар окутуучу семинарларды өткөрдү

Басылмалардын датасы: 24.07.2019


Улутстаткомдун статистикалык изилдөөлөр жана квалификацияны жогорулатуу Институтунун адистери Улутстаткомдун өнөр жай жана энергетика статистика бөлүмүнүн жана Улутстаткомдун Башкы Эсептөө Борборунун адистери менен бирдикте ушул жылдын 16 - 17- июлунда окутуу семинары өткөрүлүп, алардын жүрүшүндө каралган маселелер: мамлекеттик статистика системасында жалпы уюштуруу иштери,  ошондой эле отун-энергетикалык балансын түзүү жана өнөр жай статистикасы боюнча иштелип чыгуучу маалыматтардын сапатын камсыз кылуу  темасында өттү.

Семинарлар Баткен облустук мамлекеттик статистика башкармалыгынын жетекчилигинин жана облустук башкармалыктын кызматкерлеринин, ошондой эле облустун райондорунун жана шаарларынын аймактык статистика органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү.

Андан тышкары, статистикалык изилдөөлөр жана Улутстаткомдун квалификацияларды жогорулатуу институтунун адистери Улутстаткомдун статистиканы уюштуруу жана координациялоо бөлүмү менен бирге, статистикалык иштерди уюштуруу, статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик каттоосун жүргүзүү жана актуалдаштыруу маселелери боюнча семинар өткөрүлдү. Семинардын ишине Улутстаткомдун борбордук аппаратынын жана Башкы эсептөө борборунун, ошондой эле мамлекеттик статистиканын Чүй жана Бишкек башкармалыктарынын адистери катышышты.


Акыркы жаңылоо: 25.07.2019, 12:07