Улутстаткомдун кызматкерлери униформа алышты

Басылмалардын датасы: 30.11.2017


Бүгүн, 30-ноябрда, Чүй облустук мамлекеттик статистика башкармалыгында Улутстаткомдун кызматкерлерине (интервьюерлерине) униформа (жайкы жана кышкы) тапшыруу болуп өттү.

Кызматкерлерге униформа тапшыруу менен, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Азамат Оросбаев өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудагы ар бир мамлекеттик статистика кызматкеринин жогорку жооптуулугун белгилеп, мамлекеттик кызматкердин өзүн алып жүрүү этикасы жөнүндө айтып берди жана баарына натыйжалуу жана уюшулган иш алып баруусун каалады.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Казахстан Республикасы менен мамлекеттик чек арасында өткөрүү пункттары аркылуу товарларды өткөрүүчү жактарга тандама изилдөө жүргүзүү үчүн, Улутстатком менен (Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарында) кызматкерлердин (интервьюерлердин) тобу түзүлгөн.

 


Акыркы жаңылоо: 01.12.2017, 10:58