2018-жылдын 1-жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары

Басылмалардын датасы: 11.07.2018


Бүгүн, 11-июлда Улутстаткомдо Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын январ-июнундагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары талкууланган пресс-конференция болуп өттү.

            Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин  маалыматына ылайык, акыркы айларда социалдык-экономикалык өсүүнүн темптеринин басаңдоосу байкалууда. Маселен, 2018-жылдын январ-июнунда, ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоолор боюнча, 214 миллиард сомго жакынды түзүп, мурунку жылга салыштырганда 0,1 пайызга жогорулады. Өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 5,6 пайызды түзгөн.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ички дүң продуктунун көлөмү 193  миллиард сомго жакынды түзүп, 2,1 пайызга өстү.

Аны менен бирге, өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2018-жылдын январ-июнунда 108 миллиард сомдон ашып, мурунку жылга салыштырмалуу 6,0 пайызга төмөндөдү. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмдөрүнүн төмөндөшү негизги металлдарды, металл рудаларын, транспорттук жабдыктарды өндүрүүнүн көлөмдөрүнүн төмөндөшү менен шартталды. Ушуну менен бир катарда, кийим, текстил өндүрүшүндө, мунайзат, резиналык жана пластмассалык жасалгаларды, минералдык продукттарды өндүрүүдө өсүү камсыздалган.

Айыл чарбасында реалдуу өсүү 1,6 пайызды, курулушта өсүү 6,3 пайызды, ошондой эле дүң жана чекене соодада өсүү 5,4 пайызды түзүп, оң тенденциялар байкалган.

2018-жылдын январ-июнунда (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпысынан республика боюнча керектөө бааларынын 0,1 пайызга төмөндөөсү байкалган. 2017-жылдын биринчи жарымында керектөө секторунда инфляциянын деңгээли 2,8 пайызды түзгөн эле.

2018-жылдын I - жарым жылдыгында  керектөө бааларынын жана тарифтеринин эң көп жогорулоосу Нарын облусунда (3,1 пайызга)  байкалган. Ошол эле мезгилде, үстүбүздөгү жылдын январ-июнунда, керектөө бааларынын Баткен облусунда (3,6 пайызга), Жалал-Абад облусунда (0,1 пайызга), Бишкек шаарында (0,3 пайызга) жана Ош шаарында (0,6 пайызга) төмөндөөсү байкалган.

2018-жылдын январ-майында, тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2716 миллион АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,9 пайызга жогорулаган. Мунун ичинде экспорттук операциялар 5,5 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 27,1 пайызга өскөн.

2018-жылдын январ-майында ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен өз ара сооданын көлөмү 904 миллион АКШ долларына жакынды түзүп, 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 6,5 пайызга жогорулаган. Мунун ичинде,  импорт – 1,6 пайызга, ал эми экспорт – 21,2 пайызга өскөн. ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодада эң көп үлүш Россияга  (65,2 пайызы) жана Казакстанга (33,2 пайызы) туура келген.

Пресс-конференциянын жүрүшүндө, 2018-жылда Кыргыз Республикасында айдоо жерлерин жана айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү аянттарын колдонууну эсепке алуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат берилди. Кыргыз Республикасынын бардык чарбаларында айыл-чарба өсүмдүктөрү менен ээленген жалпы себүү аянты 1,2 млн гектарды түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 0,7 пайызга көп эгилген. Мунун ичинде, дан эгиндеринин ( буурчак дандары, күрүч жана гречканы кошпогондо) себүү аянттарынын жогорулоосу менен бир катарда, кант кызылчасынын, бакчалардын, май жана жем өсүмдүктөрүнүн аянттарынын азаюусу байкалган.

Ошондой эле, 2018-жылдын 1-кварталында Кыргыз Республикасына түз инвестициялардын келип түшүүсү жөнүндө маалымат берилди. Жалпысынан мындай инвестициялардын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22,4 пайызга төмөндөгөн. 2018-жылдын 1 – кварталында  негизги инвесторлор Канада, Кытай, Казахстан, Великобритания, Нидерланды болуп, Казахстан жана Нидерландыдан башка өлкөлөрдүн баарынан келип түшкөн инвестициялардын көлөмдөрү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төмөндөгөн.

Мындан тышкары, Улутстаткомдун маалыматы боюнча, 2018-жылдын январ-майында номиналдуу орточо айлык акы (кичи ишканаларды эсепке албаганда) бир кызматкерге 15397 сомду түзүп, 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,4 пайызга өскөн, ал эми анын, керектөө бааларын эске алуу менен эсептелген, реалдуу өлчөмү 4,7 пайызга өскөн. Бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлердин айлык акысы 12037 сомду түзсө, бюджеттик эмес чөйрөдө – 21326 сомду түзгөн. Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин айлык акысы, бюджеттик эмес чөйрөдөгү кызматкерлердин  айлык акысынын 56,4 пайызын түзгөн.

Презентациялар:


Акыркы жаңылоо: 11.07.2018, 11:46