“Улутстакомдун сайтын кантип колдонуу керек?”: www.stat.kg сайтынын бөлүмдөрү боюнча виртуалдык экскурсия

Басылмалардын датасы: 07.12.2021


Расмий сайттын колдонуучуларынын санынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу жана журналисттердин кайрылуусунан улам, Улутстатком атайын видео даярдады. Анда жыйынтыкталган маалыматтар менен иштөө жана статмаалыматты жайылтуу бөлүмүнүн жетекчиси Чинара Турдубаева www.stat.kg сайтынан статистикалык маалыматтарды табуу тууралуу кенен түшүндүрмө берди. Бул видео-экскурс муктаждыгы бар бардык колдонуучуларга, анын ичинен мамлекеттик органдардын кызматкерлерине, журналисттерге жана студенттерге кызык болот.

Улутстатком өлкөнүн отуздан ашуун  коомдук-экономикалык багыттар боюнча сатистикалыклын маалыматтарды чогултат. Андан тышкары бир нече жылдардын анализин камтыган басылмаларды, орчундуу статистикалык жаңылыктарды, изилдөөлөрдүн жана сурамжылоолордун негизинде даярдалган аналитикалык материалдарды, Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүрүү багытындагы максаттардын көрсөткүчтөрүн, бааларга жана тейлөөлөргө болгон мониторингди, ошондой эле республика жана анын аймактары тууралуу көптөгөн маалыматтарды таба аласыз.

Белгилей кетсек, Улутстаком сайттын колдонуучуларына бардык ыңгайлуу шарттарды түзүп, машина окуй турган форматтарда (Excel, XML, JSON сыяктуу) статистикалык маалыматтарды жүктөп алууга толук мүмкүнчүлүк берет.

ВИДЕО: "Улутстаткомдун сайтын кантип колдонуу керек?"


Акыркы жаңылоо: 07.12.2021, 13:27