Улутстаткомдун жамааты КР Президентинин Баткен облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө акчалай жардамын көрсөттү

Басылмалардын датасы: 17.09.2022


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жамааты жана анын аймактык, ведомстволук түзүмдөрү (облустук статистикалык башкармалыктар, Улутстаткомго караштуу Интеллектуалдык мааалыматтар борбору менен Статистикалык изилдөөлөр борбору) 1 миллион 160 миң сом өлчөмүндөгү өздөрүнүн бир күндүк айлык акысын Баткен облусундагы чек арада орун алган окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө материалдык жардам иретинде көмөгүн көрсөттү.


Акыркы жаңылоо: 17.09.2022, 11:17