2018-жылдын I жарым жылдыгында тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсүнүн кыскача талдоосу

Басылмалардын датасы: 30.08.2018


 

2018-жылдын I жарым жылдыгында 2017-ж. ушул мезгилине салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын келүү агымы 33,2 пайызга кыскарды жана 247,0 млн. АКШ долларын түздү. Муну менен бирге келип түшүү агымы чыгып кетүү агымынын деңгээлинен 10,6 млн.долларга ашты.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө өткөн жылдын I жарым жылдыгында салыштырмалуу, соода насыяларын кошпогондо, бардык түзүүчүлөрдүн көлөмдөрүнүн төмөндөшү белгиленди.

Январь-июндагы тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсү

 

Млн. АКШ доллары

Жыйынтыкка карата пайыз менен

 

2017

2018

2017

2018

Бардыгы

369,5

247,0

100

100

Менчик капитал

59,9

54,4

16,2

22,0

Финансылык лизинг

-

-

-

-

Кайра инвестицияланган пайда

187,6

84,9

50,8

34,4

Башка инвестициялар

122,0

107,7

33,0

43,6

анын ичинде:

 

 

 

 

резидент эместерден алынган насыялар

108,0

32,9

29,2

13,3

соода насыялары

13,7

74,7

3,7

30,3

башка кредитордук карыз

0,3

0,1

0,1

0,0

башка милдеттенмелер

0,0

-

0,0

-

1 Чыгып кетүү агымын эсептебегенде

 

 

 

 

 

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (84 пайыздан көбү) пайдалуу кендерди казуу ишканаларына, иштетүү өндүрүшүнө, геологиялык чалгындоого, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, ошондой эле маалымат жана байланышка багытталган. Муну менен бирге, пайдалуу кендерди казуу ишканаларына багытталган инвестициялардын көлөмү - 5,2 эсеге, геологиялык чалгындоого - 5,6 пайызга, маалымат жана байланыш – 3,6 эсеге көбөйдү, ошол эле убакта иштетүү өндүрүш ишканаларына ал 6,3 эсеге, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө – 1,3 эсеге төмөндөдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмдөрү 2017-ж. I жарым жылдыгына салыштырмалуу 1,7 эсеге кыскарды, негизинен Канададан (26,0 эсеге), Кытайдан (1,4 эсеге) жана Улуу Британиядан 1,3 эсеге алардын төмөндөшүнүн эсебинен кыскарды.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эң көп салыштырма салмагы Кытайга (келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 39,1 пайызы), Нидерландга (9,3 пайызы), Түркияга (7,8 пайызы), Швейцарияга (6,0 пайызы) жана Улуу Британияга (5,7 пайызы) туура келет.

КМШ өлкөлөрүнөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшкөн көлөмү 2017-ж. I жарым жылдыгына салыштырмалуу, тескерисинче, 1,9 эсеге көбөйдү, Россиядан 3,3 эсеге жана Казакстандан 12,7 пайызга инвестициялардын өсүшүнүн эсебинен көбөйдү. Муну менен катар, Өзбекстандан инвестициялар 4,6 пайызга төмөндөдү.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2017-ж. I жарым жылдыгына салыштырмалуу региондорго бөлүштүргөндө Жалал-Абад облусунда - 2,9 эсеге, Нарын облусунда - 16,3 эсеге, Ош облусунда - 1,7 эсеге, Талас облусунда - 1,9 эсеге жана Бишкек ш. - 1,3 эсеге көбөйдү.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын агымынын кыскарышы Баткен, Ысык-Көл, Чүй облустарында, ошондой эле Ош ш. белгиленди.

Каралып жаткан  мезгил үчүн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүндөгү эң  көп салыштырма салмак Бишкек шаарынын ишканаларына - 48 пайызга жакыны, Жалал-Абад облусуна - 34 пайыздан көбү жана Чүй облусуна - 14 пайызга жакыны туура келди.

2018-ж. январь-июнунун 2017-ж. январь-июнуна салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 24,9 пайызга кыскарды жана 236,4 млн. АКШ долларын түздү.

Өткөн жылдын I жарым жылдыгына салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндөгү менчик капиталдын чыгып кетүү агымынын, ошондой эле резидент эместерден алынган насыялардын төмөндөшү белгиленнди. 

Чыгып кеткен тике чет өлкөлүк инвестициялардын агымы геологиялык чалгындоо - 3,2 эсеге жана финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу ишканаларында - 1,8 эсеге төмөндөдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөргө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2017-ж. I жарым жылдыгына салыштырмалуу 36,2 пайызга төмөндөдү, бул негизинен Кытайдан (2,8 эсеге) жана Улуу Британиядан (1,9 эсеге) алардын кыскарышынын эсебинен болду.

КМШ өлкөлөрүнө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2017-ж. I жарым жылдыгына салыштырмалуу, тескерисинче, 3,0 эсеге көбөйдү, бул инвестициялардын Казакстанга (4,0 эсеге),  Россияга (1,9 эсеге) жана Өзбекстанга (2,3 эсеге) чыгып кетүү агымынын өсүшүнүн эсебинен болду.

2017-ж. январь-июнуна салыштырмалуу Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош облустарынан жана Бишкек  шаарынан тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын көбөйүүсү белгиленди.

 

 


Акыркы жаңылоо: 04.09.2018, 14:36