2018-ж. январь-сентябрындагы тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсүнүн кыскача талдоосу

Басылмалардын датасы: 06.12.2018


2018-жылдын январь-сентябрында 2017-ж. ушул мезгилине салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын келүү агымы 31,5 пайызга кыскарды жана 344,9 млн. АКШ долларын түздү. Муну менен бирге келип түшүү агымы чыгып кетүү агымынын деңгээлинен 16,8 млн.долларга ашты.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу, менчик капиталды жана соода кредиттерин кошпогондо, бардык түзүүчүлөрдүн көлөмдөрүнүн төмөндөшү белгиленди.

Январь-сентябрдагы тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсү

 

Млн. АКШ доллары

Жыйынтыкка карата пайыз менен

 

2017

2018

2017

2018

Бардыгы

503,2

344,9

100

100

Менчик капитал

74,2

84,8

14,7

24,6

Финансылык лизинг

-

-

-

-

Кайра инвестицияланган пайда

210,7

117,9

41,9

34,2

Башка инвестициялар

218,3

142,2

43,4

41,2

анын ичинде:

 

 

 

 

резидент эместерден алынган кредиттер

165,3

55,4

32,9

16,1

соода кредиттери

52,9

86,0

10,5

24,9

башка кредитордук карыз

0,1

0,8

0,0

0,2

башка милдеттенмелер

0,0

-

0,0

-

1 Чыгып кетүү агымын эсептебегенде

 

 

 

 

 

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (84 пайызга жакыны) пайдалуу кендерди казуу ишканаларына, иштетүү өндүрүшүнө, геологиялык чалгындоого, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө, ошондой эле маалымат жана байланышка багытталган. Муну менен бирге, багытталган инвестициялардын көлөмү маалымат жана байланыш чөйрөсүнө – 2,9 эсеге, пайдалуу кендерди казуу ишканаларына – 1,5 эсеге көбөйдү, ошол эле убакта иштетүү өндүрүш ишканаларына ал 3,6 эсеге, геологиялык чалгындоого – 35,1 пайызга, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө – 1,8 пайызга төмөндөдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмдөрү 2017-ж. январь-сентябрына салыштырмалуу 1,6 эсеге кыскарды, негизинен Канададан (25,2 эсеге), Кытайдан (1,8 эсеге) жана Улуу Британиядан 6,0 пайызга алардын төмөндөшүнүн эсебинен кыскарды.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эң көп салыштырма салмак Кытайга (келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 35,7 пайызы), Нидерландга (11,4 пайызы), Улуу Британияга (7,5 пайызы), Түркияга (7,0 пайызы) жана Швейцарияга (5,0 пайызы) туура келет.

КМШ өлкөлөрүнөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшкөн көлөмү 2017-ж. январь-сентябрына салыштырмалуу, тескерисинче, 1,4 эсеге көбөйдү, Россиядан 3,2 эсеге инвестициялардын өсүшүнүн эсебинен көбөйдү. Муну менен катар, Казакстандан инвестициялар 35,6 пайызга, Өзбекстандан 12,6 пайызга төмөндөдү.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2017-ж. январь-сентябрына салыштырмалуу региондорго бөлүштүргөндө Жалал-Абад облусунда – 1,4 эсеге, Нарын облусунда – 8,6 эсеге, Ош облусунда – 15,3 пайызга, Талас облусунда - 1,6 эсеге жана Бишкек ш. - 1,4 эсеге көбөйдү.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын агымынын кыскарышы Баткен, Ысык-Көл, Чүй облустарында, ошондой эле Ош ш. белгиленди.

Каралып жаткан  мезгил үчүн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүндөгү эң  көп салыштырма салмак Бишкек шаарынын ишканаларына - 51 пайызга жакыны, Жалал-Абад облусуна - 29 пайызга жакыны жана Чүй облусуна - 14 пайыздан көбү туура келди.

2018-ж. январь-сентябрынын 2017-ж. январь-сентябрына салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 4,7 пайызга төмөндөдү жана 328,1 млн. АКШ долларын түздү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу, резидент эместерден алынган кредиттерди кошпогондо, бардык түзүүчүлөрдүн көлөмдөрүнүн көбөйүүсү белгиленди.

Январь-сентябрдагы тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы

 

Млн. АКШ доллары

Жыйынтыкка карата пайыз менен

 

2017

2018

2017

2018

Бардыгы

344,3

328,1

100

100

Менчик капитал

14,9

40,1

4,3

12,2

Финансылык лизинг

-

-

-

-

Кайра инвестицияланган пайда

71,5

124,0

20,8

37,8

Башка инвестициялар

257,9

164,0

74,9

50,0

анын ичинде:

 

 

 

 

резидент эместерден алынган кредиттер

240,1

134,3

69,7

41,0

соода кредиттери

17,8

28,0

5,2

8,5

башка кредитордук карыз

0,0

1,7

0,0

0,5

башка милдеттенмелер

0,0

-

0,0

-

Чыгып кеткен тике чет өлкөлүк инвестициялардын агымы геологиялык чалгындоо - 3,0 эсеге жана финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу ишканаларында – 12,7 пайызга төмөндөдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөргө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2017-ж. январь-сентябрына салыштырмалуу 18,1 пайызга төмөндөдү, бул негизинен Кытайдан (9,5 пайызга) жана Улуу Британиядан (17,6 пайызга) алардын кыскарышынын эсебинен болду.

КМШ өлкөлөрүнө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы тескерисинче, 2,7 эсеге көбөйдү, бул инвестициялардын Казакстанга (4,0 эсеге), жана Россияга (1,8 эсеге) чыгып кетүү агымынын өсүшүнүн эсебинен болду.

2017-ж. январь-сентябрына салыштырмалуу Баткен, Ысык-Көл жана Талас облустарынан, ошондой эле Ош шаарынан тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымынын төмөндөшү белгиленди.

____________________________________________________________________

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын     |e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642

инвестиция статистикасы бөлүмү

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, учурда маалыматтык тармактарда,кагаз, магниттик жана башка алып жүрүүчөлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 06.12.2018, 16:34