Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча экспорттун жана импорттун көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн кыскача талдоосу

Басылмалардын датасы: 15.03.2019


 

Талдоо көрсөткөндөй, Кыргыз Республикасынын экспорттук жөнөтүүлөрүнүн  негизги үлүшү иштетүү өндүрүшүнүн товарларына - 2016-жылы - 79,0 пайызы, 2017-жылы - 77,9 пайызы, 2018-жылы - 74,9 пайызы туура келди. Андан кийин пайдалуу кен казуу боюнча ишмердиктин жыйынтыктары боюнча алынган товарлар - 2016-жылы - 10,8 пайызы, 2017-жылы - 9,2 пайызы, 2018-жылы - 9,4 пайызы, ошондой эле айыл чарба, токой чарба жана балык уулоо товарлары  2016-жылы - 8,1 пайызы, 2017-жылы - 7,7 пайызы, 2018-жылы - 7,2 пайызы туура келди.

         Муну менен бирге, 2018-жылы иштетүүчү өнөр жайынын экспорттологон товарларынын эң көп үлүшү, машиналардан жана жабдуулардан (53,7 пайыз), кийим өндүрүшүнөн (11,1 пайыз), тамак-аш продуктуларынан (6,8 пайыз), кокс жана тазаланган мунайзат продуктуларынан (6,5 пайыз) жана башка металл эмес минералдык продуктулардан (5,6 пайыз) товарларга туура келди.

         Республикага импорттук келип түшүүлөр жөнүндө айтсак, анда товарлардын негизги үлүшү иштетүү өндүрүшүнүн товарларына - 2016-жылы - 94,6 пайызы, 2017-жылы - 95,1 пайызы, 2018-жылы - 95,3 пайызы туура келет.

Муну менен бирге, 2018-жылы ушундай товарлардын эң көп үлүшү текстил өндүрүшүнүн, кийим жана бут кийим, булгаары жана башка булгаары буюмдарынын (25,7 пайыз), кокс жана тазаланган мунайзат продуктуларынын (12,0 пайыз), тамак-аш (анын ичинде суусундуктар) продуктуларынын жана тамеки өндүрүшүнүн (9,9 процента), негизги металлдар жана даяр металл буюмдар, машиналардан жана жабдуулардан тышкары (9,2 пайыз), өндүрүшүнүн машиналардан жана жабдуулардан (8,2 пайыз), химиялык продукция (6,9 пайыз), резина жана пластмасса буюмдары (5,6 пайыз) жана компьютерлер, электрондук жана оптикалык жабдуулардын өндүрүшүнүн (5,0 пайыз) товарларына туура келди. 

___________________________________________________________________________________

Тышкы соода статистикасы бөлүмү            |e-mail: gsulaimanova@stat.kg;     |тел. + 996 (312)  32 47 26

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 15.03.2019, 15:42