2019-жылдын январь-февралындагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү жана КМШ өлкөлөрү боюнча кызматкерлердин орточо эмгек акыларынын кыскача талдоосу

Басылмалардын датасы: 17.04.2019


2019-жылдын январь-февралында бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсептебегенде) 15226 сомду түзүп, 2018-ж. январь-февралына салыштырмалуу 4,6 пайызга көбөйдү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аныктаган валюталардын расмий курсунун натыйжасында 2019-ж. январь-февралында бир кызматкердин орточо айлык эмгек акысы 218,1 АКШ долларын түздү.

Белгилей кетүү керек, эмгек акы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча олуттуу айырмаланат жана бөлүнөт (дифференциацияланат). 2019-жылдын январь-февралында финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу (33291 сом), маалымат жана байланыш (30795 сом), пайдалуу кендерди казуу (28982 сом), электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) (26691 сом), транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо (21227 сом) жана кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик чөйрөлөрүнүн (19073 сом) кызматкерлеринде бир топ жогорку эмгек акы байкалды.

Ал эми 2019-жылдын январь-февралында искусство, көңүл ачуу жана эс алуу (8634 сом), айыл чарба, токой чарба жана балык уулоочулук (10058 сом), саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө (10191 сом) жана билим берүү чөйрөлөрүнүн (10612 сом) кызматкерлеринде эң төмөнкү эмгек акы катталды.

2019-жылдын январь-февралында орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин 2018-ж. тийиштүү мезгилине салыштырмалуу эң жогорку өсүшү маалымат жана байланыш (13,4 пайыз), пайдалуу кендерди казуу (11,8 пайыз) жана курулуш чөйрөлөрүндө (10,8 пайыз) белгиленди.

 

График: 2019-жылдын январь-февралындагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча орточо айлык эмгек акы

2019-жылдын январь-февралында бюджеттик эмес чөйрөнүн кызматкерлеринин орточо айлык эмгек акысы 21131 сомду, бюджеттик чөйрөнүн эмгек акысы 11849 сомду түздү, бюджеттик эмес чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысы бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысынан 1,8 эсеге жогору болду.

 

Таблица: 2019-жылдын январь-февралындагы бюджеттик эмес жана бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин орточо айлык эмгек акылары

 (сом)

 

Бюджеттик чөйрөдөгү

эмгек акы

Бюджеттик эмес чөйрөдөгү

эмгек акы

Бюджеттик эмес чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысынын бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысына болгон катышы, %

Кыргыз Республикасы

11849

21131

178,3

Баткен облусу

9954

12798

128,6

Жалал-Абад облусу

9977

24078

241,3

Ысык-Көл облусу

10318

13869

134,4

Нарын облусу

13774

20815

151,1

Ош облусу

9619

14579

151,6

Талас облусу

10013

27629

275,9

Чүй облусу

11126

18443

165,8

Бишкек ш.

15628

23048

147,5

Ош ш.

11538

17074

148,0

2018-жылы республика боюнча орточо айлык эмгек акы (16218 сом) менен эмгекке жөндөмдүү жаш курактагы калктын жашоо минимумунун (5357,92 сом) катышы 3 эсеге көп болду.

Муну менен бирге «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 2019-жылга карата минималдык эмгек акы 1750 сом өлчөмүндө аныкталгандыгын, бул эмгекке жөндөмдүү жаш курактагы калктын жашоо минимумунун 32,7 пайызын түзө тургандыгын белгилей кетүү керек.

КМШ өлкөлөрү боюнча орточо эмгек акылардын кыскача талдоосу Кыргыз Республикасында АКШ доллары менен берилген эмгек акынын деңгээли башка өлкөлөргө караганда аз экендигин көрсөтөт. Мисалы, Россиядагыдан - 3 эсеге, Казакстан менен Беларусиядагыдан - 2 эсеге, Армениядагыдан - 1,5 эсеге аз. Ошентип, Кыргызстан орточо эмгек акы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен акыркы орунду ээлейт.

 

Таблица: 2017-2018-жылдардагы КМШ өлкөлөрүндөгү орточо айлык эмгек акы

 (АКШ доллары менен)

 

2017

2018

Кыргыз Республикасы

228,0

235,6

Азербайжан

307

317,7

Армения

368

356,9

Беларусь

426

469,6

Казакстан

463

471,0

Молдова

302

408,3

Россия

672

694,7

Тажикстан

134

133,3

Украина

273

328,3

Өзбекстан

 

-

 

226,0

Булак: КМШнын Статкомитетинин жана өлкөлөрдүн улуттук статистикалык кызматтарынын сайты

___________________________________________________________________________________

Эмгек жана иш менен

камсыз кылуу

статистикасы бөлүмү              | e-mail: jailobaeva@stat.kg;    | тел. + 996 (312)  626076

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү («Мамлекеттик статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 18.04.2019, 17:06