Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновдун 1-май Эмгек Күнүнө карата куттуктоосу

Басылмалардын датасы: 01.05.2022


Урматтуу кыргызстандыктар!

 Жалпыңыздарды бүгүнкү 1-май Эмгек Күнү менен куттуктайм!

Бул  маанилүү майрам көп жылдардан бери мээнеткеч адамдардын эмгегин даңктап келет. Ар бир кесип ардактуу демекчи, бүгүнкү күндө өлкөбүздүн ар кыл тармактарында эмгектенген жумушчулар өздөрүнүн ишинде чоң ийгиликтерди жаратып, мамлекеттүүлүгүбүздүн бекем пайдубалынын турушуна себепкер болууда. Кыргызстаныбыздын туруктуу социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык өнүгүүшүнө эмгекчил жумушчулардын салымы баа жеткис.

Урматтуу кыргызстандыктар, Мекенибиздин эмгекчилери! Бардыгыңыздарга бекем ден соолук, кажыбас кайрат жана жооптуу иштериңиздерге ийгиликтерди каалайм!  

         Урматтоо менен,

Б. Ж. Кудайбергенов


Акыркы жаңылоо: 01.05.2022, 11:33