Улуттук статкомдун жеңил атлетчилери мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин спартакиадасында байгелүү орундарды ээлешти

Басылмалардын датасы: 30.10.2019


Азыркы учурда мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин арасында спартакиада өтүп жатат. Алардын арасынан Улуттук статкомдун кызматкерлери жакшы жыйынтыктарды көрсөтүшүүдө. Төрт жаш курак боюнча өткөрүлгөн дене тарбия даярдыгы боюнча нормативдин тепкичтеринен өтүүдө чымырканган күрөш жүрдү. Жыйынтыгында Улуттук статкомдун кызматкерлери командалык эсепте кезектеги үчүнчү байгелүү орунга татыктуу болушту.

Мындан тышкары, жеңил атлетика боюнча жарышта жеке эсепте Улуттук статкомдун командасы жети байгелүү орундарды ээлешип, анын ичинен төртөө биринчи орундар болду. Мелдештер Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болуп өттү.


Акыркы жаңылоо: 30.10.2019, 17:04