Улутстаткомдун жеңил атлетикалык командасы Спартакиядада кезектеги байгелерге ээ болду
Басылмалардын датасы: 29.06.2018
Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун жеңил атлетикалык командасы 2018-жылдагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин Спартакиядасы аяктаган күнү кезектеги байгелерге ээ болду.
Кыргыз Республикасыныни Улутстаткомунун жеңил атлетикалык командасы, 2018-жылдагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин Спартакиядасын өткөрүүнүн чегинде, физикалык даярдык боюнча Нормативдерди тапшыруу боюнча (үч багытта күрөшүү) кезектеги байгелерге ээ болду, мыктылардын мыктысы болуп, 2 медалдын ээси Мамоева Айжара таанылды, ал ишенимдүү жеңишке ээ болуп, эки жолу ардакталды – Азаматсыңар кыздар, жеңишти бекем кармагыла!