Эл аралык музейлер күнү: сандар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 18.05.2023


1978-жылдан бери жыл сайын 18-майда дүйнө жүзү боюнча Эл аралык музейлер күнү белгиленет. Бул күнү музейлер баарына эшигин толугу менен акысыз ачып, көргөзмө залдарын, жаңы экспонаттарын көрсөтүп, “музейлер — бул маданий алмашуунун, маданияттарды байытуунун жана өз ара түшүнүшүүнү, кызматташтыкты жана ар башка элдердин тынчтыгын өнүктүрүүнүн маанилүү каражаты” деген ураан менен иштеп беришет. Майрамга карата жаңы көргөзмөлөрдүн, фестивалдардын ачылышы арналып, музейлерде тематикалык лекциялар, экскурсиялар, илимий окуулар, балдар менен атайын сабактар уюштурулуп, музей-театр көргөзмөлөрү  өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын музейлери тарыхый, этнографиялык, тарыхый-этнографиялык, тарыхый-архитектуралык, тарыхый-аймактык коруктар, мемориалдык, көркөм жана адабий музейлер менен көрсөтүлгөн.

2022-жылы республиканын аймагында 69 музей болгон. Келгендерге 332 миңге жакын көргөзмө экспонаттары сунушталат. Музейлердеги экспонаттардын эң көбү Бишкек шаарына (182 миң), Ысык-Көл облусуна (38 миң) жана Ош шаарына (33 миң) туура келет.

2022-жылы музейлерге 810 миң адам келген, бул 2021-жылга салыштырмалуу 21 пайызга көп. Келгендердин эң көп саны Ош шаарынына (33 пайыздан ашык), Бишкек шаарынына (30 пайызга жакын) жана Талас облусунун музейлерине (13 пайызга жакыны) туура келди.

Музей кызматкерлери тарабынан 2022-жылы 13 миллиондон ашык экскурсия өткөрүлүп, өлкөнүн тарыхый жана маданий мурастарына тиешелүү 590 миңден ашуун лекциялар даярдалган.

 

Социалдык статистика бөлүмү.e-mail:  rakhmanovazz@mail.ru   e-mail:  social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042

Колдонуучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метадайындарды колдонууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (расмий статистика жөнүндө Мыйзамдын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 18.05.2023, 17:35