Улгайган адамдардын эл аралык күнү: эмгекке жарамдуу курактагылардан улуу жаштагы аялдар эркектердин санына караганда 2,3 эсе көп

Басылмалардын датасы: 01.10.2020


Улгайган адамдардын эл аралык күнү жылыга 1-октябрда белгиленет. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясы 1990-жылдын декабрында чечим кабыл алган.

Улгайган адамдардын күнүн өткөрүүнүн максаты – дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн алардын көйгөйлөрүнө жана муктаждыктарына буруп, улгайып калган адамдардын коомго зарыл сезимин колдоо, калктын демографиялык картайып бара жаткандыгы боюнча коомчулуктун кабардар болуусун жогорулатуу.

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактагы адамдардан улуулардын саны 1950-жылы туулган, согуш маалындагы муунга салыштырмалуу  көп сандагы адамдардын пенсия курагына өткөндүгүнүн эсебинен жылына көбөйүп бара жатат. Акыркы беш жыл ичинде эле ушул курактагылардын саны республика боюнча жалпысынан 100 миңге, же 24 пайызга көбөйдү.

2020-жылдын башында Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактагылардан улуу курактагы 526 миң адам же өлкөнүн ар бир сегизинчи жашоочусу болгон. Эмгекке жарамдуу курактагылардан улуу  курактагы эркектердин (63 жаш жана андан улуулар) саны 158 миңди же эркектердин 4,9 пайызын түзсө, аялдардын саны (58 жаштагылар жана андан улуулар) 368 миңге жакын адамды же жалпы аялдардын 11,2 пайызын түзөт. Ошол эле учурда ушул курактагы аялдардын саны эркектердикине караганда 209 миң адамга же 2,3 эсе көп.

Кыргыз Республикасында 2020-жылы туруктуу жашаган, жашы 65теги 
жана андан улуу адамдардын жынысы боюнча саны

(жыл башындагы баалоо, миң адамга)

Ушул жагдайдан алганда эмгекке жарамдуу курактан улуу жашоочулардын негизги бөлүгүн аялдар түзөт, себеби алардын өмүрүнүн узактыгы эркектердикине салыштырмалуу жогору. 2019-жылы эркектердин күтүлүп жаткан өмүрүнүн узактыгы 67,6 жаш болсо, аялдардыкы 75,8 жашты түзгөн. Өмүрдүн узактыгы боюнча ажырым эркек менен аялдардын өлүм деңгээлиндеги айырмачылыктарга байланыштуу: эркектердин өлүмү аялдардын өлүмүнө караганда болжол менен бир жарым эсе жогору. Пенсиялык куракка чейин жашоо ыктымалдыгы аялдарда 90 пайызды түзсө, эркектердики 70 пайызды гана түзөт. Бул жерден аялдардын пенсияга чыга турган курагы беш жылга эрте келерин эске алыш керек (эркектердики – 63 жаш, аялдардыкы – 58 жаш). Азыркы 60 жаштагы аялдар орто эсеп дагы 20 жылдай, ал эми эркектер – 14 жыл жашоо ыктымалдыгы бар.

БУУнун жаш курак боюнча классификациясына караганда, эгер жалпы калктын эсебинде 65 жаштагылар жана андан улуулардын саны 4 пайыздан төмөн болсо, анда мындай өлкөнүн калкы жаш деп эсептелет. Эгер 4төн 7 пайызга чейинки интервалда болсо, калк улгаюу босогосунда, эгер 7 пайыздан жогору болсо анда улгайган калк деп саналат.

Кыргызстандын калкы акырындап улгаюу босогосуна жакындоодо: 2020-жылдын башында 65 жаштагылар жана андан улуулар 317 миңдей адамды же кыргызстандыктардын 4,9 пайызын түзүп турган. Ушуга карабастан КМШнын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу бул көрсөткүч бир топ төмөн (2018-жылы бул көрсөткүчтөр Азербайжанда 6,8 пайыз, Казактанда 7,3 пайыз, Арменияда 11,9 пайыз, Россияда 14,6 пайыз, Белоруссияда 15,2 пайыз) болгон.

БУУнун божомолдоосу боюнча Кыргызстанда мындай тенденция болжол менен 2030-жылдарда пайда болот, ошол мезгилде 65 жаштагы жана андан улуулардын саны 7 пайызга жакындап барат.

КР Социалдык фондунун жана башка министрликтер менен мекемелерде 2019-жылдын аягында каттоодо 715 миңге жакын пенсионер турса, алардын ичинен дээрлик 530 миң адам же 74 пайызга жакыны жаш курагы боюнча пенсия алуучулар болуп эсептелишкен.

2019-жылы пенсиянын орточо көлөмү 5 960  сом болуп, пенсионерлер үчүн жашоо минимумунун бюджетинен 1,4 эсе жогору болгон (4 287сом).

Социалдык фонддун чыгашасынын көлөмү боюнча алганда пенсия менен камсыздоонун үлүшү 2019-жылы 85,3 пайызды түздү.  

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат.  Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси). 

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Улутстатком Фейсбукта |

тел.625747 |


Акыркы жаңылоо: 01.10.2020, 10:32