Эл аралык балдарды коргоо күнү: сандар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 01.06.2022


Эл аралык балдарды коргоо күнү жай мезгилинин биринчи күнүнө туш келип, дүйнө жүзү боюнча 1950-жылдан бери белгиленип келет. Бул күн балдардын укуктарын, өмүрүн жана ден-соолугун коргоо керектиги жөнүндө коомго эскертүү берип турат.

2022-жылдын башына карата Кыргыз Республикасында 18 жашка чейинки курактагы  2 млн. 555 миң бала жашаган, алардын жарымынан көбүн (51%) эркек балдар түздү. 2021-жылдын башына  салыштырмалуу балдардын саны 43 миң балага же 1,7%га көбөйдү.

Үстүбүздөгү жылдын башында балдардын жалпы санынан:

  • 43% - 7 жашка чейинки балдар (1 млн. 108 миң адам);
  • 44% - 7-14 жашка чейинки балдар (1 млн. 119 миң адам);
  • 13% - 15-17 жаштагы өспүрүмдөр (328 миң адам).

Балдардын басымдуу көпчүлүгү (65,5%) айыл жергесинде жашашат.

2021-жылы 150 миңден ашык бала төрөлгөн, алардын ичинен 77 миңи эркек балдар жана 73 миңи кыздар, башкача айтканда кыздарга караганда балдар көбүрөөк төрөлгөн.

Катталган никеде турбаган энелерден төрөлгөн балдардын үлүшү 18 пайызды түзгөн. Анткени, акыркы жылдары мусульмандардын салтына ылайык никелешеүү кеңири жайылып кеткендигин белгилей кетүүгө болот. Ошондуктан юридикалык никеден тышкары төрөлгөн балдардын жарым-жартылай бөлүгүнүн иш жүзүндө атасы да энеси да бар. Ошол эле учурда, катталган ымыркайлардын ичинен 53% ата - энесинин биргелешкен арызы боюнча, ал эми 47% энелердин арызы боюнча гана катталган жана бул балдар үй-бүлөдө атасыз тарбияланышы мүмкүн.

Өлкөдө жугуштуу ооруларды төмөндөтүү максатында оорулардын алдын алуу боюнча эмдөө иш-чаралары жүргүзүлөт. 2021-жылы 99,4% кургак учукка каршы эмделген 1 жашка чейинки балдарды камтыды, көк жөтөл, дифтерия жана столбняк – 90,7%, корь, эпидемиялык паротит жана краснухага каршы эмделгендердин саны – 94,4% түздү.

Өлкөдө ата-энесинин багуусунан ажыраган балдардын үй-бүлөлөрүндө  жашоо жана тарбиялануусуна болгон укуктарды иштетүү боюнча системалуу иштер жүргүзүлүүдө.

2021 - жылдын аягында үй-бүлөлүк тарбияланууда 13,7 миң бала болгон, анын ичинен 5,4 миңи томолой жетимдер, анын 8,3 миңи – камкордук көрүүдө жана башкалардын багуусунда, 5,4 миң бала багып алынган. 2021-жылдын ичинде ата-энесинин багуусусуз калган 18 жашка чейинки курактагы 2,2 миң балдар жана өспүрүмдөр табылган, анын ичинде 790 - томолой жетимдер.

Ата-энесинин кароосу жок калып, башка үй-бүлөнүн тарбиясында калган балдар менен өспүрүмдөрдүн саны, жынысы боюнча 
(миң адам)

2021-жылы 1 670 бала камкордуккка жана башкалардын багуусунда үй-бүлөлөрдүн тариялануусуна, 638 бала асырап алынган, алардын ичинен 633 бала - кыргыз үй-бүлөлөрү, 7 – чет өлкөлүк жарандар тарабынан багып алынган. 2021-жылы балдар үйлөрүндө жана жетим балдар үчүн мектеп-интернеттарда ата-энесинин кароосу жок калган 1 миңге жакын жетим бала жашаган.

Ата-энесинин багуусусуз калган, башка үй-бүлөлөрдө жана интернат мекемелеринде тарбиялануудагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн саны
(миң адам)

2021-жылдын аягына карата республикада 1,7 миң мектепке чейинки билим берүү уюмдары иштеген, аларда тиешелүү курактагы балдардын жалпы санынын 24% же 200 миңге жакын бала тарбияланган, бул 2017-жылга салыштырмалуу 6,8% көп.

2021/2022-окуу жылынын башында республикада 2 333 күндүзгү жалпы билип берүү мектептери иштеген, анда 1 млн. 407 миң бала окуган. Алардын ичинен ар турдүү предметтерди тереңдетип окутуучу 435 мектептерде 350,2 миң бала, 143 гимназияда – 192,1 миң бала жана 65 лицейде – 44 миң бала окуган.

______________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042

Демографиялык статистика бөлүмү  e-mail: gabdullaeva@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324636.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси). 


Акыркы жаңылоо: 01.06.2022, 13:12