2018 - жылдын январь - сентябрындагы калкты микрокредиттештирүү

Басылмалардын датасы: 28.11.2018


Микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан ү.ж. январь- сентябрында 16,6 млрд. сом суммасында кредит берилип, алуучулардын саны 340,7 миң адамды түздү. Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 58,7 пайызга (126, миң адамга), ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү - 4,4 млрд. сомго көбөйгөн.

Yстүбүздөгү жылдын январь- сентябрында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 31,4 пайызы айыл - чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 23,5 пайызы керектөөчүлүк кредиттерине ошондой эле 14,9 пайызы – калкты турмуш тиричилиги жактан тейлөөгө багытталды.

Микрокредиттердин олуттуу суммасы Ош облусуна (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 22,5 пайызы), Жалал-Абад облусунун (16,5 пайызы), Чүй облусуна (13,2 пайызы) жана   Бишкек ш. (12,5 пайызы) алуучуларына берилген.

Кредиттештирүүнүн негизги көлөмү микрокредит уюмдарынын менчик каражаттарынын эсебинен (берилген кредиттин 65,2 пайызы) берилген. Финансылык – кредит уюмдарынын кредиттери жана карыздары ошондой эле чет  өлкөлүк финансылык – кредит уюмдарынын жана донорлорунун кредиттери микрокредит уюмдарынын негизги карыз алуучу булактары болуп саналат. Алардын үлүшүнө калкка берилген микрокредиттердин 34,8 пайызы туура келди.

2018-жылдын 1-октябрына карата берилген микрокредиттер боюнча карыз 15,4 млрд. сомду түздү. Микрокредиттерди кайтаруу деңгээли 2018-жылдын январь - сентябрына карата 94,2 пайызды түздү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 0,1 пайыздык пунктка аз.

_______________________________________________________________________________________________________

Финансы статистика бөлүмү    |e-mail: abdrahmanova@stat.kg;          |тел. + 996 (312)  62 60 73

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренеси). 

 

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 29.11.2018, 14:59